www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи Арслан Малиевдин жеке өзүнө анчалык тийишкендер жокко эсе десек болот. Кезинде бул мырза да калк ичинде кыйла дурус кыймылдарды жасаган. Тилекке каршы мындан сегиз жыл мурда 60 миң долларын депутат болгусу келип Текебаевге берип койуп жедирип жиберип, кайрый албады. Канча ирет эскертсе деле Өмүкең аны тоотпой койгон. Эми ал киши “алыста” болбосо да кездешүүсү күмөн туудурат.
Эки жылдан кийин болуучу парламенттик шайлоого “Аалам” партиясы катышабы али белгисиз. 2015-жылкы шайлоодо болсо топтогон добуштары көзгө толорлук болбогонун да айта кетели. Эгерде каражат капчыкка жетиштүү салынса анда булар деле элге берген куруттан куру калбоого аракетин жасашат деген ойдобуз. Эми экс-депутат Жылдыз Жолдошова деле тим калбастыр? Кантсе да чогуу бир партиянын өңүтүндө жүрүшпөйбү? Кандай болгон күндө да катарга мыкты уулдарды, кыздарды тартып ишти оң жолго коюшса жарышка түшүүгө неге болбосун?
Булак: "Ачык сөз"