www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Кезексиз жыйында депутаттар көпчүлүк коалициясын түзүп, шаардык кеңештин спикерин шайлашат. Жаңы коалиция төрт фракциядан – КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика-Атажурт” фракцияларынан куралат. Оппозициялык азчылыкта “Кыргызстан” фракциясы калмай болду.

Депутаттар азырынча спикерликке жылдырылчу талапкердин атын сыр кармашууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, шаардык кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынын депутаты Жаныбек Абировдун талапкерлиги сунушталаары күтүлүүдө. Ал эми оппозицияда калган “Кыргызстан” фракциясы Кубанычбек Конгантиевди көрсөтөт.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган. Депутаттар бул чечимди жаңы мэрдин шайланышы жана төраганын башка кызматка кетиши менен байланыштырган.

Шаардык кеңештин мурунку спикери Алмаз Кененбаев 17-августта Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалгандан бери бул орун бош турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости