www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик сыйлыктарды берүү бүгүнкү күнгө чейин илимий көз караштык негизде аныктала элек. Бул тууралуу пикирин NazarNews.kg "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков билдирди.

- Мамлекеттик наам, сыйлыктар кандай деңгээлдеги иш жыйынтыктарды, өзгөчөлүктөрдү көрсөткөндө берүлүү  шарттары, бүгүнкү күнгө чейин илимий көз караштык негизде аныктала элек.  Баардык чечимдер, жеке кызыкчылыктардын жана саясый кырдаалдын шартына жараша, коньюктуралык чечим менен кабыл алынат. 

Эгерде, биз бул багытта туура баа бербей мамлекеттик сыйлыктарды берүү иштерин уланта берсек , бийлик институттарынын кадыр баркына терс таасирин күчтөндүрөт. Ал эми Алмазбек Атамбаевге  кабыл алынган "Ак Шумкар " сыйлыгын берүүнү, президент Сооронбай Жээнбеков  өзү коомго жарыялаган. Ошондуктан, чечим аткарылбай калса, өзүнүн репутациясына күмөн санатып алат.

Бул жерде маселе Алмаз Атамбаевдин  маанайында,  татыктуу же татыктуу эместигинде эмес. Эң жогорку бийлик өкүлүнүн,  өзүнүн  чыгарган чечимдеринине болгон  жоопкерчилигинде,- дейт Асанбеков.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости