www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азап чеккен саясатчылардын жубайлары

Кыргыздын турмушундагы жүз берген окуялардын басымдуу бөлүгү акыры келип саясатка такалат. Жыргаган да саясаттагылар, куураган да саясатчылар десек эч ким таң калбайт. Анткени саясатка башында таза келгендер такшала баштагандан кийин ар түстөгү “миналарды” басууга аргасыз болушат. Бириң кеттиң каңгайга, экинчиң калдың күңгөйдө дегендей эле кеп. Маселен, мурдагы ажонун тушунда туура эмес шүдүңгүт кадамдары үчүн бир топ кезинде чоң кызматтарда жүргөн тың чыкмалар камалды. Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев сыяктуу кишилер мамлекеттик “баскынчылыкты” көздөгөнү тууралуу жазаларын алышты. Кийин булардын катарына “өз иштери” боюнча кадимки Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдор кошулушту.

Ал эми жаңы бийлик келген соң камалган саясатчылардын катары азайбастан тескерисинче арбыды. Эки баш бакан болгон Жантөрө Сатыбалдиевдин, Сапар Исаковдун темир торго жабылышы менен токтоп калбады. Бишкектин мэрлигинде кызматта отурган Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камалышы да резонанс жаратты. ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев, Жалал-Абаддын мэри Салайдин Авазовдор да четте калган жок. Башкалар жөнүндө эскербей эле коелу?

Учурда күч түзүмдөрүндө тергөөчүлүк кылгандар, оперативдүү иликтөөлөрдү жүргүзгөндөрдүн айласы куруган кез. Анткени мурда болуп көрбөгөндөй “кылмыштарга” коррупцияга баа берилүүсү керек болуп турат. Ошондуктан баштары маң болуп, кыска аралыкта жыйынтык чыгара алышпай шалдайып отуруп калышканы алаканга салгандай көрүнүп турбайбы? Чабактар эмес акулаларды тескөөнүн өзү чоң жоопкерчиликти талап кылары белгилүү эмеспи? Анын үстүнө капчыктуу кишилердин жактоочулары да өтө билимдүү, тажрыйбалуу экени талашсыз. Ар кандай күтүлбөгөн аргументтерди чыгара салууга булар жөндөмдүү десек болот. Айтор, азыр иш чачтан көп.

Арийне, камалган саясатчылардын жубайларында баштагыдай уйку жок. Басса, турса да качан жан шериктери эркиндикке чыгар экен деген санаа жеп келет. Жакшы көргөн тамагын даярдап, жылуу кийим-кечесин камдап, эшик кайтаруучуларга жалдырап, чоңдордун эшигин каккылап жүргөн зайыптарды күн алыс соттун эшигинин алдынан жолуктурууга болот. Көрсө үлкөн кызматтын, жыргал жашоонун да кезмети келсе азабын тартууга туура келет тура. Болбосо саясатчылардын жубайлары ушинтип зар какшап каларын үч уктаса түшүндө көрдү беле?

Текебаев менен Жапаровдун Айгүлдөрү, Асановдун Алтыны, Кадыровдун Жаңылы, Осмонбектин Раушаны, Сапардын Маликасы, Кулматовдун Жамиласы жана башка камалган саясатчылардын жубайларынын азыр көргөн күнү курусун. Антсе да журналисттерге маек бергенде булар кайратынан жанбай суроолорго түз жооп берип жатышканы ичти жылытат. Эми ар кимдин жасаган күнөөлөрү боюнча чечимди соттор кабыл аларын билебиз да? Кимисиники туура, кайсыл атка минердики аша чаап көрсөтүлгөнүн дагы иликтешет шекилди. Ошентсе да башкаларга ушул нерсе сабак болобу ал өзүнчө кеп. Ким билет, булардын катарына дагы кайсыл саясатчылар кошуларын мезгил көрсөтөт. Кейиштүүсү- дагы канча аял сыздаарында. Турмушта түркүн түстөгү окуялар кайталанып турарын тана албайбыз. Антсе да жыландын баласын да камабасын деген ниетти айтып, сөзүбүздү кыскарталы.

Ж. Улукшер

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости