www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абал оор. Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бүгүн, 19-апрелден тарта Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.

«Ооругандар көбөйүп жатат. Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгер окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат», — дейт ал.

Иманалиева апрель айынан бери 7 мектеп кайра онлайн режимге өткөнүн белгиледи.

«21-апрелде №13 мектеп, 22-апрелде эки мектеп, 24-апрелде бир жана 26-апрелде калган мектептер ачылат», — деп билдирди Иманалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости