www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдил Сегизбаев камакка алынды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизгейт" фактысы боюнча кармалып, камакка алынганын билдирди. Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Буга байланыштуу ал Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сегизбаевден башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда "Белизгейт" боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Кылмыш кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Последние новости