www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттигине Абдрахман Маматалиев тууну өзгөртүүнүн зарылдыгы жок экендигин билдирди.
—Тууну өзгөртүү маселеси парламентте көтөрүлүп, спикер Нурлан Шакиев менен Улан Примовдун сунушу коомчулуктун сынына кабылды. Тууну өзгөртсөк эле телегейибиз тегиз болуп кетеби?
—Менимче тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок. Убагында, ЖКнын 5-чакырылыш учурунда депутат Карганбек Самаковдон тууну өзгөртүү боюнча сунуш түшүп, Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү маселесин кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Мен ошол комиссиянын төрагасы болгонмун. Маселе кызуу талкууланып, тууну өзгөртүү боюнча 400дөн ашуун сунуш, гимн боюнча да сунуштар түшкөн. Комиссиянын курамында мамлекеттик туунун, гимндин авторлору да кошо иштешкен. Комиссиянын ишмердиги жөнүндө коомчулукка маалымат берилип турган. Көптөгөн жөнөкөй жарандар такай келишип, пикирлерин, сунуштарын айтып турушкан. Жарым жылдай ар тараптуу талкуулоодон кийин, комиссия мамлекеттик тууну өзгөртүүсүз калтырып, гимндин экинчи куплетин алып салуу боюнча чечим кабыл алып, Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Бул чечимди мамлекеттик туунун жана гимндин авторлору да колдошкон. Азыркы депутаттар көтөрүп жаткан маселелер да талкууланып, аягында коомчулуктун, окумуштуулардын, чыгармачыл интеллигенциянын, элибиздин кадырман ардагерлеринин пикирин эске алуу менен ошондой чечим кабыл алынган. Кызыккандар болсо, Жогорку Кеңештеги архивдик материалдар менен таанышып көрүшсө болот. Ошондуктан мамлекеттик символикалар боюнча маселени кайра-кайра көтөрө берүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм.
Булак: NazarNews.kg