www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Абдымамбет Сариев телекөрсөтүүдө дин таануучу-"окумуштуунун" "улуттук салт диндердин деңгээлине жетпейт", деген сөзүнө жооп берди. 

Анын айтымында, айрым дин таануучулар “өлтүрүп же сабап-уруп кетпесин” деп чындыкты айтуудан коркушат. Ал эми айрымдарынын билим деңгээлдери, салыштырып иликтеп-изилдөөлөрү жетишпейт. Айрымдары акчага сатылат. Ошондуктан өзүлөрү адашканы аз келгенсип, жалпы элди дагы диний маселеде адаштырып, туура эмес жолго салышат. 

Дин бул - кайсы элге келсе (түшсө) ошол элге гана таандык, ал элди бузуктуктан арачалаган, жол көрсөткөн, тарбиялаган керемет нерсе болуп эсептелет. Мисалы, ислам адегенде диний секта, андан кийин коом болуп, биздин замандагы VII-кылымда дин катары пайда болгон. Арабдарда элди тарбиялаган улуттук салты кыргыздын салтындай бекем болбогондуктан элдин башын дин аркылуу бириктирүү, көп кудайлуулукка (360 куурчак кудай) баш урган арабдарды башаламандыктан куткарып, үгүт-насаат жана уруш-согуш менен бир Аллахка баш ийдирүү миссия-милдети биздин замандагы 570-жылы туулган, улуту араб Мухаммед пайгамбардын тагдырына туш келген.

Ал жок болууга аз калган арабдардын бакты-таалайына жаралып, мамлекет түзүп, элдин жашоо-турмушун бир системага салган.

Кыргыздарга ислам дини болжол менен 8-10-кылымдардын аралыгында ондон ашуун ирет арабдардын аскерий-диний баскынчылык кан төккөн жортуулу менен айыгышкан согуштардын натыйжасында жана (Борбордук Азия, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш ж.б. өлкөлөр) андан кийин диний миссионердик жол менен киргени менен толук орун алган эмес. (Сафед Буландагы мазарга айланган жер дал ушул арабдардын баскынчылыгына карата болгон каршылыктын бири болуп саналат).

Ислам дини кыргызга качан келгендиги тууралуу материалдарга кезек берсек:

“...Имеется прямое указание письменных источников о том, что мусульманская религия - ислам среди киргизов была распростренана очень мало. Только со времени кокандской колонизации (20-е годы ХIХ века) можно говорить об относительно широком распространении ислама и то преимущественно среди феодально-родовой знат” деп жазат. (Стенограмма:Ст 65.).

Жогоруда мисалда айтылгандай Ч. Валиханов ислам дини кыргызга качан келгенин, ачык айтып, тактап жазып кеткен.

Ал эми, “Санкт-Петербургские ведомости” (от 28 сент-я, 10 окт-ря 1874 г. (№286)  гезити кантип жазганына токтоло кетели:

...“О том, что ислам был навязан киргизам силой в ХVIII-ХIХ веках нашей эры, свидетельствуют сущестувующие исторические документы: о правлении последного правителя кокандского ханства Кудаяр-хана, о том, что   (“Кочевое население”) имеются в виду киргизы, имеющие свои особые нравы, и обычаи, насильственно начали подчинять шариату. “Они (имеется в виду Кокандского ханства) силой хотят подчинить жизнь киргизов шариату; хотя киргизы считаются мусульманами, их нравы и обычаи совершенно различны с мусульманскими. Управлаяют же они по адату (обычное право), которые очень резко отличается от шариат” деп аныктама берген (“Стенограммы Всесоюзной научной конференции, посвященной изучению эпоса “Манас”.“Турар” Бишкек-2015. ст.96,97.).

Ал эми, кыргыздын каада-салты (жазылбаган мыйзамы) диндерден жогору тургандыгынын себеби, каада-салттын эреже, жол-жоболорун кудурети күчтүү улуу Кудай акыл-эске салып, программалаштырып, ооздон оозго, муундан муунга  өткөрүп, төрөлгөндөн өлгөнгө чейин жалпы элге таалим-тарбия берип, оң жол көрсөтүп, турмуш жүзүнө ашырган. 

Кыргыздын байыртадан бери келе жаткан каада-салты, диндерге окшоп, “тозокту, бейишти, сооптук ишти, күнөөнү” кайталатып айттыра бербей эле, “уят, намыс, жакшы, жаман, туура, туура эмес” деген ыйык жана улуу сөздөр аркылуу кудурети күчтүү улуу Кудайды таанытып, ар бир адамдын жан дүйнөсүнө сиңирилип, каны менен жүгүрүп, мээсинде орноп, сезимин ойготуп, айбандыктан, наадандыктан, бузуктуктан, тескери сапаттардан арачалап келе жаткан жазылбаган жашоо мыйзамы болуп эсептелет. 

Кыргыздар Кудайды улам кайталап айта берүүчү сөз менен эмес, тозоктон корккон же бейишти эңсеген кыялы менен эмес, Кудайды жүрөктөрү менен таанып, билип, туюп, сезип, Кудай көрсөткөн жол менен жашаган, бузулбай, жок болбой, жоюлбай келе жаткан, диндерден алда канча мурда жаралган байыркы эл болуп саналат", - деди Абдымамбет Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости