www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукка каршы вакциналарды тездетүү боюнча кеңеш түзүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Кеңеш дарыларды өнүктүрүүгө жана лицензиялоо процесстерине тоскоол болгон маселелерди чечет.

"Өлкөлөр 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында кургак учукту жоюу боюнча тайманбастык менен милдеттенмелерди алышканына карабастан, эпидемия басаңдоо белгилерин көрсөтпөй жатат. 2021-жылы болжол менен 10,6 миллион адам кургак учук менен ооруп, 1,6 миллиону каза болгон", - деп белгиленди ДСУ.

Учурда дүйнөдө кургак учукка каршы бирден-бир лецензиясы бар БЦЖ вакцинасы жүз жыл мурун иштелип чыккан. Ал ымыркайлардын жана жаш балдарда оорунун оор түрлөрүн алдын алууда орточо эффективдүү болгон, бирок дүйнө жүзү боюнча кургак учуктун таралышынын 90%га жакынын түзгөн өспүрүмдөр менен чоңдордо тийиштүү коргоону камсыздай албай келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы изилдөөсүнө ылайык, 50% учурларда эффективдүү жаңы вакцина иштелип чыкса, 25-жылдын ичинде төмөндөгүлөрдүн алдын алууга болот:

• кургак учуктун 76 миллион жаңы учуруна чейин;

• 8,5 миллион өлүм;

• 42 миллион антибиотиктин дарылоо курсы;

• 6,5 миллиард доллар чыгымдалат.

Эгерде 75% эффективдүү вакцина иштелип чыкса, 25 жылдын ичинде кургак учуктун 110 миллион жаңы учуру жана 12,3 миллион өлүмдү алдын алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости