www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунунун Таш-Көмүр шаарында кол алдындагы кызматкерлерден опузалап акча алып жүргөн милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына шаардык күзѳт бѳлүмчѳсүнүн башчысы, милициянын майору Н.С. жана күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги С.Т. экөө өздүк курамдан системалуу түрдѳ опузалап акча алып жүрүшкөнү аныкталган. Таш-Көмүр шаардык күзөт бѳлүмчөсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыкташып беришти», - деп билдирди.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (пара алуу) тергелип жатат. Ички иликтөө кызматы тарабынан Таш-Кѳмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы Н.С. жана Таш-Кѳмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, баш коргоо чарасы жакын арада каралат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости