www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып коюшса жарандар ошого даяр болушат эле. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгы тууралуу кеп козгоду.

“Алмаз Акунжанович, Бишкекте жана аймактарда саат сайын электр энергияны өчүрүп башташты. Энергетиктер муну жөнгө салуучу чара деп коюшту. Чындыгында, бул маал-маалы менен өчүрүү. Бизде электр энергия жетишсиз, жабдыктар эски болуп жатканын түшүнүп жатам. Бирок, жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу. Жарандар ошого даяр болушат эле”, - дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин маалымат жыйынында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков электр энергиянын өчүшүн жөнгө салуучу чара экенин жана жабдууларды сактап калуу максатында мындай кадамга барып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости