www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баары башында жөкөй эле болгон. Учурдагы КСДП партиясынын катарында ЖК депутаты болуп келген Абдывахап Нурбаев мырза Кара-Суунун Төлөйкөнүндө көп балалуу үй-бүлөдө (9 бир тууган) чоӊойгон. Мектепти бүтүрүп, Оштогу курулуш техникумунда окуп, анан аскердик кызматты өтөп келип, 1991-жылдан баштап «Ошкоопкурулуш» ӨКИ ЖЧКсында катардагы кызматкер болуп иштей баштайт. 2000-жылы ОшМУдан юридикалык билимдин ээси болот да, 2001-жылы жаш юристти ишкананын башкы директорлугуна шайлашат. Ал кызматты 2013-жылга чейин аркалап келет. Ал арада ОшТУдан «Өндүрүштүк жана жарандык курулуш» боюнча адистикке да ээ болот. 2007-2012, 2012-2015-жылдары Ош шаар кеӊешинин депутаты болуп шайланат. Ошол депутат болгон жылдарда Абдывахап мырзанын жылдызы жанып, «ити чөп жей баштайт», саясий карьера менен кошо бизнес карьерасы да өстү. 2008-2015-жылдары Оштогу Ишкерлер союзунун төрагасы, 2012-2015-жылдары «ОШ – ЖИАнын» башкармалыгынын мүчөсү жана ал жерде чет өлкөдөн инвестиция тартуу боюнча бөлүмдү жетектеп келген. Эске сала кетсек «Бишкек – ЖИА» 2006-жылы, «ОШ – ЖИА» 2010-жылы уюшулган.

Бизге жеткен дагы бир официалдуу эмес маалыматтар боюнча Абдывахап мырзанын бизнес-карьерасы 2010-жылдарда Ош коогалаӊында өскөн. Улуттар аралык чыр учурунда Ошто курчоодо калып кеткен 60тай түрк бизнесмендерин калканчка алып, Бишкекке узата берет. Башаламандыктан кутулган түрк бизнесмендери рахматын айтып, Түркияга учуп кетишет. Алар жөнөкөй түрктөр эмес, Фетхуллах Гүлендин «куйруктары» болуп чыгат. Кийин байланыштар күч алат. Ошто түрк бут кийимдерин саткан «Лион» дүкөндөр тармагы ачыла баштайт. Буга Нурбаевдин тиешеси, жардамы болгон десе, дагы бирөөлөр уюштуруучулардын катарында деп келишет. Биз «Лиондун» Оштогу дүкөндөрүнүн уюштуруучуларынын катарынан депутаттын фамилиясын таба албадык. Балким келишим менен өнөктөш болуп, жакындарынын атынан иштешсе, иштешип жүргөндүр. Бирок, 2011-2014-жылдары Ошто «Лион» деген футбол командасы пайда болуп, аны Абдывахап мырза сүрөөнгө алып турган. «ЖИА» ж.б. жергиликтүү ишканалар уюштурган достук таймаштарда «Лион» тобу жеӊиштерге жетишкен. Футбол командасынын учурдагы тагдыры белгисиз бойдон калып келет. Демек, Түркияда Гүлен террордук тобуна тиешелүү деп саналган «Лион» бут кийимдер дүкөндөрүнүн Кыргызстандагы өкүлдөрү менен депутаттын байланышы ушул жерден ачыкка чыгат. Ошол эле кезде депутат Нурбаев да, «Лион» дүкөндөр тармагы да, Кыргызстандагы гүленчилердин башын бириктирген «ЖИАнын» активдүү мүчөлөрүнөн.

Депутаттын бизнес ишмердүүлүгү жөнүндө айта турган болсок, Нурбаевге тиешелүү делген «Ошкоопкурулуш» 12-июнь 2015-жылы кайра каттоодон өтүп, жетекчиси жана уюштуруучусу Каримов Мирлан Айжигитович болуп чыга келет.

Депутаттын 2017-жылкы декларациясына ылайык, 11-декабрь 2006-жылы катоодон өткөн «РАНстрой-сервис» ЖЧКсынын юштуруучуларынын катарында анын аты-жөнү жазылган. Оштогу «Нурстрой» ЖЧКсынын ээси - Абдывахап Нурбаев деп «time.kg» веб-сайты көрсөтсө, кийин ал ишкана депутаттын бир тууганы Нурбаев Ниязбек Мамадрасуловичке катталган болуп чыга келет. Бул ишкана Жалал-Абаддагы, Ош шаарындагы мектеп, балдар бакчасы, мечиттердин курулуштарын ишке ашырып келгендиги, мамлекет жарыялаган тендерлерге активдүү катышкандыгы менен белгилүү.

2011-жылы Оштун Ак-Тилек кичи-районунда энергияны эффективдүү пайдалануу боюнча 850 орундуу, сметалык баасы 231,35 миллион сомдук мектептин курулушу боюнча түрк тарап менен келишим жасалат. Анда «Сонбай Иншаат Лтд» делген түрк ишкансы башкы аткаруучу болуп, «Нурстрой» субподрядчик болгон. «Нурстрой» деген аты уйкаш  курулуш ишканасы РФнын Ямало-Ненецкий АОсунда Худайбергенов Толкунбек Тойчубековичтин наамына каттоодон өткөн. Россиядагы Толкунбек менен ЖК депутаты Нурбаевдин «Нурстроюнун» кандай байланышы бар экендигин тактоого мүмкүнчүлүк болбоду.

Депутатка тиешелүү делеген, мейманканаларга кызмат көрсөтүүчү дагы бир ишкана «Comfort Plus» Абакиров Элдан Мунарбековичке (Абакиров Элдар Курманбекович менен аталаш тууганбы?) 04-май 2018-жылы кайра катталган.

Нурбаевдин 2017-жылдагы декларациясында 692 миӊ сом негизги жумушунан, ижарадан 3 миӊ доллар тапкандыгы, 213 чарчы метр батири, 15 сотыхтан 3 жер тилкеси жана кафеси бар экендиги белгиленген. Туугандары негизги жумушунан 2 миӊ доллар таап, 3 жер тилкеси, автоунаасы бар экендиги көрсөтүлгөн. Кыскасы депутаттын декларациясы кыйла эле жупуну жазылган.

Кыргызстанда бизнес менен саясат киндиктеш дегендей эле Абдывахап Нурбаевдин саясий жүрүшү Ош шаар кеӊешине депутаттыктан, тагыраагы 2007-жылы башталган. 2010-жылы Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан 23-орунда ЖКга талапкерлигин коюп, тилеги орундалбай калат. Ош коогалаӊынан кийин түштүктө абал оор болуп турган. 2012-жылы Мелис Мырзакматов бир жагынан, Мадумаров менен Ташиев экинчи жагынан, КСДПчылар дагы бир жагынан «куда түшүп», бизге кошул дегенине карабастан Ош шаардык кеӊешине өз алдынча аттанат. Болгондо да баягы эле жиачылар түптөгөн «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын киндигин кесип, чогуу сапарга чыгат. Оштогулар «Адилеттүү Кыргызстанды» Нурбаевдин партиясы катары таанышат. Натыйжада партия 5 % жеӊишке жетишип, 2 киши, тагыраагы Нурбаев жана өкүл баласы Руслан Жалилов ОшШКга депутат болуп шайланат.

Ошол эле жылы адилетчилер Кыргызстандын башка шаарларында да депутат болууга аракет жасашкан. Мисалы, жаӊы эле «киндигин кескен», 2011-жылы 28-декабрда катоодон өткөн, тамтуӊ баскан бир жашар партия Таластан менчик балдар бакчасын сатып алып, 20 миллион сом сарптап, курулуш иштерин жүргүзүшөт. Акча кайдан келди деген суроо туулат? Тыйынды тыйынга урган, бизнестин битин сыккан кишилердин капчыгынан 20 миллион сом оӊой эле чыга койбос.

Кийинчерээк Абдывахап Нурбаев КСДПнын катарында 2015-жылы ЖКга аттанып келе берди. Өз учурунда партиянын Бишкектеги төрагасы Максат Ашырбеков жана учурдагы Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров 2012-жылы Бишкек шаардык кеӊешине «Адилеттүү Кыргызстандын» атынан аттанган. Максат Ашырбеков Барак Обаманы экинчи мөөнөткө президент болуп шайлангандыгы үчүн куттуктоо жибергени менен эсте калса, Элдар Абакиров Экономика министринин орун басарынын креслосунда отурат. Абдывахап Нурбаев жакында эмне үчүн Экономика министри Олег Панкратовго каршы сөз айтып, ал эми анын орун басары Элдар Абакировду колдоп чыкканы эми түшүнүктүү болууда.

Абдывахап Нурбаевдин айрым саясатчылар менен аябай эле тыгыз байланышы бар экенин элибиз байкап эле жаткандыр. Нурбаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштары, аны эӊ көп жактагандардын катарында экендиги, азыр деле экс-президентти тымызын колдогондугу тууралуу бул макалада айтпай коё туралы. Кези келгенде жарыялайбыз.

Дагы бир жаш депутат Жанар Акаев экөөсү Ошко барганда, Гүлен тобу менен байланышкан ишканаларды жипсиз «жүгөндөп» алган «Элим барсыӊбы?!» кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чараларга катышып калат. «Ош ЖИАнын» жетекчиси – Канат Акаев депутат Акаевдин бир тууганы деген пикирлер айтылган. Жанар Акаев бир туугандары (9 бир тууган) саясаттан сырт экендигин, бизнес менен алектенерин өз маегинде айткан. Мына ушинтип бири-бири менен жипсиз чырмалышкан мисалдар чачтан көп.

Гүленчилерди коргоп, түрк бийлигине тиш кайраган эң таанымал саясатчы Абдывахап Нурбаев экени маалым. Президент Сооронбай Жээнбековдун кыргыз-түрк алакасын бузбайлы деген чакырыгына жооп ирээтинде Абдывахап Нурбаев «Сапат» мектебинин Балкычыда ачылышы кыргыз-түрк мамилесине көлөкө түшүрүп жатат» - деген түрк элчиси боюнча, «Түрк элчиси Кыргызстандын ички ишине одоно кийлигишип жатат» - деп кыйкырып чыккан. Буга байланыштуу бир катар маалымат булактары «Нурбаев чыныгы жүзүн көрсөттү», «Нурбаев ФЕТОнун имамы» деген маанидеги материалдарды жарыялашкан. Бирок мындай макалалар табышмактуу түрдө жарыяланган жерден алынып салынган же болбосо ал веб-сайттар иштебей калган. «Pravda.kg» веб-сайтынын баракчасы ачылбай калса, «chyndyk.kg» веб-сайтынын Нурбаевди «туздап» жазган баракчасы тосмолонуп калган. Болгону интернетте издөө салганыбызда «Абдувахап Нурбаев ким экендигин билгизди?» деген  «chyndyk.kgдеги» макаладан бир гана сүйлөм илинип калган. Анда мындай деп жазылган: «Буга чейин ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы Фетхуллах Гүлендин жактоочуларынын башында турган адам катары аты аталып келген. Кээси ишенсе…»

Балык ооз депутаттарга караганда Нурбаев активдүү депутаттардын катарын толуктайт. Бир нече мыйзам жазып, гүленчилердин кызыкчылыктарын көтөрүп, коргоп да келет. Нурбаевдин гүленчилерге болгон эң чоң жардамы миллиондорду чапчыган жеке менчик мектептерди, анын ичинде «Сапат» мектептерин салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун маарага жеткиргендиги болду. Бул мыйзам айына ар бир окуучудан 11 000 долларга чейин акча алган жана жалаң гана күркүлдөрдүн балдары окуган гүленчилердин мектептеринин кирешесине киреше кошкон. Катардагы карапайым элдин эмес, элитанын «көмөчүнө күл тарткан» Абдывахап Нурбаевдин Фетхуллах Гүленге кылган «кызматын» айтып түгөтүүгө болбойт.

Бул макалабыз жарык көргөндөн кийин бизге карата Абдывахап Нурбаевдин «кызматтык» териштирүүсү жүргүзүлүшү толук мүмкүн. Андыктан, урматтуу окурмандарыбыздын жана коопсуздук мекемелеринин эсине сала кетчү нерсе, гүленчилердин Кыргызстандагы кыңыр иштерин ачыктай турган мезгил алыс эместир!

Атабек АрзибековNazarNews.kg

Последние новости