www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков апрелдин ортосуна чейин борбор калаага жаңы автобустар алынып келинерин билдирди.

Мындай маалыматты ал биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында шаардын баардык ишкана, мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда өткөн салттуу пландуу жыйында айтты.

Шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги Хасанбек Алимбеков да маршруттук такси, автобус жана троллейбустарга орнотулган байкоочу камералар тууралуу маалымат берди.

Алимбеков ошондой эле азыр Бишкекте күн сайын 2300 кичи автобустар жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жолго чыгышарын кошумчалады. Видеокаттагыч  1020 транспортко (40%) орнотулган. Ал эми видеобайкоо камерасы 50 автобуска коюлуп, бул 45%ды түзөт жана 87 троллейбус (60%дан ашык) камеранын көзөмөлүндө иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости