www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус  элдин жүрөгүнүн үшүн алып жатса, андан пайда тапкандар кимдер? Абылгазиевдин өкмөтү  элди дүрбөтүү үчүн COVID-19 менен каза болгондордун саны көбөйтүлүп берилген, коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколун өз учурунда кабыл алынган эмес, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алууда жана бөлүштүрүүдө оңбогондой катачылыктар кеткен.  

Абылгазиевдин өкмөтү элди ойлоп коронавирустун алдын албай, оору жайылып жатса пайда издегенби?

Өкмөт башчысынын милдетин аткарган Новиков коронавирус боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын укту. Атап айтканда, антикоагулянттарды жана башка маанилүү дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тарабынан 1 айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган. Дарылоонун үчүнчү протоколу өкмөт башчысы Абылгазиев тарабынан араң  2020-жылдын 15-майында киргизилген. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда гуманитардык жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Коронавирустан запкы жегендердин себеби каржылоонун начардыгы, кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, ач көздүгү болгон. Бул кезде Абылгазиев тарабынан казак ишкерлери менен жүргүзүлгөн радио жыштыктар боюнча келишимдердин бети ачылып миллиарддарга сатыла турган радио жыштыктар 700 сомго бааланып жаткан эле. Казак ишкерлери тарабынан 10 млрд сом берилгени тууралуу сөз болуп жаткан.

Мындай чар-жайыттан улам  фармакологиялык компаниялар тараптан коронавирус инфекциясынан дарылоо үчүн маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алынып келинип, ал өлкөдөгү дары-дармектердин тартыштыгына жана аларга карата баанын өсүшүнө алып келген. Аптекаларда акча дегенде жанын берген сугалак фармацевттер пайда табыш үчүн дарынын баасын кымбаттата баштаган.

Комиссия мүчөлөрү тараптан келип түшкөн медициналык гуманитардык көмөктү кабыл алуу жана аны эсепке алуунун так жана ачык-айкын тутумунун жоктугу тууралуу жыйынтык чыгарылган. Көрсөтүлгөн жардам тууралуу жана ооруканаларга берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган. Элге гуманитардык жардам катары азык-түлүк таратууда Бишкек мэриясы мэр Азиз Суракматов, аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев тарабынан гумжардамдардын азык-түлүктөрү муктаж элге тарабай эле дүкөндөргө түшүрүлүп жатканына жол болсун. Бул тууралуу видеолор тартылып алынган. Ал эми Таш-Дөбө сыяктуу айыл өкмөтүнүн жетекчилери элге гумжардамга келген миллиондогон акчаларды өз ара бөлүп алышкан.

Абылгазиевдин кетирген мүчүлүштүктөрүнөн улам экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатылып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылган.

Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө жана профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.

Кубатбек Боронов ал-абалды оңдоп келаткан

Коронавирус менен күрөшүү боюнча айыгышпас күрөштү Кубатбек Боронов өкмөт башына келген соң баштайт. Ал атамекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизимин кабыл алган. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда  коронавирус болуп көрбөгөндөй апогейине жетип, анын ордун алган Кубатбек Боронов ал-абалды оңдоп келаткан. Арийне, финпол тарабынан эч айыбы жок Бороновго беш саат сурак жүргөн, эмне коронавирусту жоюп келатканы үчүн финпол ушунча кармап турдубу?

Коронавирус илдетин жайылтууда  өз салымын кошушкан Руслан Казакбаевдин бир тууган келини ошол кездеги социалдык тармактарды жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин финполдон суудан кургак чыгып жатканы,  финполдун капчыгын калыңдатканынан улам болуп жүрбөсүн? Жөнөкөй эле мисал коронавирус убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын барын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жиберген.  Андан көрө тегиз эле барына бирдей акча берсе дурус болмок. Бул жерди текшерүүгө келген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери, эч кандай кылмыш иши болбогондой жаап коюшуп баса беришти. Гүлмира Баитова менин богума ким куурай сая алат эле дегендей атаандаштарын шылдыңдап, капчыгыңда пулуң турганда ким мага даап сөз айта алат деп манчыркап турган убагы.

Кубатбек Боронов өкмөт башына келген соң вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коопсуздук органдарына тиешелүү көрсөтмөлөрүн берип жаткан. Коронавирус убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын барын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жибергени үчүн жазага тартылып кызматтан четтетилген.

Кеңешменин жыйынтыгын Новиков чыгарабы?

Таң калычтуу, азыр өкмөт башчы болом деп жулунуп турган Бабановдор коронавирус маалында эстеликтей болуп катып калышпай, кайда жүрүштү? Новиков чыгарган Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомдук чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн талдоолордун жана сунуштамалардын негизинде жумушчу комиссиясы тарабынан саламаттык сактоо тутумундагы көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча Иш чаралар планын даярдоосу тапшырылды. Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана көзкарандысыз эксперттер кирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости