www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда унааларга 39 санындагы мамлекеттик номурларды сатууга жана каттоого расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстанда унааларга 39 санындагы мамлекеттик номурларды сатууга жана каттоого расмий түрдө тыюу салган мыйзамды өлкөнүн биринчи вице-президенти Амрулла Салех жарыялаган. Анын айтымында, 39 деген сан "сутенёр" дегенди билдиргендиктен, көптөгөн адамдар берилген номурларды каттоодон баш тартышкан. Ошондой эле башка номурга алмашуу үчүн ири суммага чейин пара беришкен. Өткөн жылы берилген паранын суммасы 300 долларга чейин жеткен.

Оогандыктар чиновниктер менен полиция кызматкерлерине пара берип, миллиард долларга жакын чыгымга учурагандыгы жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости