www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында келин кесарево жолу менен төрөп, андан кийин каза болгон. Бул боюнча милицияга арыз менен келиндин күйөөсү кайрылган. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган келин 2020-жылдын 11-ноябрында Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн даарыгерлери тарабынан операция жолу менен төрөгөн.

Арызда, келиндин жакындарды төрөттөн кийин дарыгерлер аны туура эмес дарылап жана туура эмес кан куюп, жумушуна шалаакылык мамиле жасагандан соң, келин Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия бөлүмүндө каза болуп калгандыгын жазган. Ошол себептен келиндин күйөөсү Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сурап кайрылган. Бул факты боюнча материал "медицина кызматкери тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен катталып сотко чейин өндүрүш иши ачылды. Аталган иш боюнча Кара-Көл шаардык оорукананын тийиштүү кызматкерлери суралган жана тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары уланып жатканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости