www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн мурдагы кеңешчиси Стивен Бэннонго ырайым берүүнү чечти.
Белгилей кетсек, Бэннон жана аны менен кошо дагы үч адам Мексика менен чек арага дубал тургузуу демилгесинин алкагында топтогон каражатын уурдаган деп айыпталган. Чогулган 25 миллион доллардын жүз миңдегени Бэннон жана анын досторунун жеке чыгымдарына кеткен деп болжолдонууда.
Трамптын мурунку кеңешчиси күнөөсүн мойнуна алган эмес, сот аны 5 миллион доллар күрөөгө бошотууга макул болду.
Эскерте кетсек, Бэннон 2017-жылдын январь айынан август айына чейин Трамптын улук саясий жана стратегиялык кеңешчиси болуп иштеген. Ал ошондой эле Трамптын 2016-жылдагы өнөктүгүндөгү эң мыкты инсандардын бири болгон.
Өз кезегинде Трамп Майкл Флинн, Роджер Стоун жана Пол Манафорт сыяктуу атайын прокурор Роберт Мюллер тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында соттолгон мурдагы бир катар өнөктөштөрүнө ырайым берген.
Булак: NazarNews.kg