www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай коом болбосун, мамлекетти азчылык башкарат. Мындай пикирин саясат таануу илимдеринин кандидаты Бактыбек Сейитбаев билдирди.

Анын айтымында, азчылык саясий бийликке жетет. Кандай мамлекет болбосун, саясий элита башкарат. Бирок бюрократиясыз башкара албайт.

Тандалма азчылык көпчүлүктөн уюмдашуусу, компетенттүүлүгү менен айырмаланып турат. Бирок Кыргызстанда саясий элита деген сөзгө татыктуулар аз, 3%га жетпейт. Көпчүлүгү элди ойлобой, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, өзүн элита эмес, башкаруучу таптай көрүүдө.

«Саясий элита мамлекет үчүн күчүн жумшашы керек. Алар үй-бүлө, укум-тукумун байытып, алардын келечегин ойлобой, элдин кызматкери болушу шарт. Элиталар Исхак Раззаковдой боло алышпаса дагы, жок дегенде Турдакун Усубалиевдей, Абсамат Масалиевдей болушса…» — дейт Сейитбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости