www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Түкүрүк", мыйзамынан кийинки түйшөлткөн ойлор... Кезекте журналист Медер Шерметалиевдин пикири.
--Сүйлөсөк Европаны кыялданабыз. Швеция болуп, Американы ашып кеткибиз келет. А иш жүзүндө бир түкүрүкө да алыбыз жетпей отурабыз. Анан кайдагы бизге таза шаар? Кайсыл таза шаарды элестетип эле кыялданып жүрөбүз? Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт болдук. Өзүбүздүн мыйзамды сыйлабайбыз. Бирок бирөөнүкүн сыйлайбыз. Кыргызстанда түкүрсө болот дейбиз. Бирок Америка, Россияда түкүрсө болбойт дейбиз. МЭРиядан тазалыкты талап кылабыз, а өзүбүз ой келди жерге таштанды ыргытабыз. Адыраңдап айдап жол эрежесин бузган маршрутка менен таксисттерди сөгөбүз, а өзүбүз унаа отурганда шашкалактап айдап эреже сактагыбыз келбейт. Башка мамлекеттерге суктанабыз, а өзүбүз ага аракет көрбөйбүз. Айтор сөздө баатыр иште жок калк окшойбуз. Минтип отурсак Бишкек борбор эмес бир чоң кыштака айланат. Акчасы ашып аткандар каалаган жерге түкүрүп "мына төлөп койом" деп эрдигибиз менен мактанаардан башка келечегибиз жокпу?
Булак: NazarNews.kg