www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндүн каарманы болгон “түкүргүч” жигиттин паспорту социалдык тармаккка тарады. Аты-жөнү Закирияев Рамис Саламатович. 1992-жылы 4-мартта туулган. Улуту кыргыз. Такталбаган маалыматтарга таянсак, учурда кармалып, суракка алынгандыгы кабарланууда.
Белгилей кетсек, ата аталган жаран Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген.
Ал: "Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат",- деп кайрылган.
Ошондой эле ал өзү түзгөн сценарийдин соңунда 5 500 (беш миң беш жүз) сомун санап, тийиштүү органдарга "Айып пулуңарды келип алып кеткиле",- деп айткан.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс иштей баштаган. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5 500 сом айып салынат.
Булак: NazarNews.kg