www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Тимур мырза, 2019-жылдын алгачкы митинги болуп өттү, кептен максатка өтө берели...
--Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларды өлкөдөн чыгарыш керек деген ураан менен 2019-жылдын алгачкы митинги Бишкекте болуп өттү. 300гө жакын жигиттер чогулуп алып мыйзам бузган кытайларды кууп чыгыш керек, ж.б., чакырыктарды айтып чыгышты. Менин жеке баамымда, бүгүнкү “антикытайлык” акция келечектеги “кытайлар” темасы менен байланыштуу бир топ боло турган акциялардын анонсу, башаты (пикет, митинг, чогулуш, курултай, жөө жүрүштөрдүн). Нааразычылык акциясына чыккандардын, бийлик - кайдан-жайдан келгендерин, кимдер булар, ким уюштурду, эптеп аларды тыйсак ж.б., ж.у.с, суроолорду берет.
Мындай суроолорду бериш керек, туура, бирок бул ыкмалар жардам бербейт, анткени, нааразычылыктын негизин-себебин, табиятын түшүш керек. Үстүртөдөн түшүнүктүү-белгилүү болгону менен бул көйгөйдүн тамыры терең жана оор. Жогоруда айткандай кытай темасы күч ала берет, бүгүн 300 киши чыкса, эртең 3000, бүрсүгүнү 30 миң адам чыгышы толук ыктымал. Анда жөнгө салуу өттө оор болуп калат. Бул көйгөй ар тараптуу, мазмундуу, дыкат мамиле кылууга тийиш, буга – “жөн эле 20-30 бала, же “чорошниктер” чогулуп алып кыйкырып жатышат”, деп мамиле кылбаш керек.
Бул көйгөйлүү “кытай темасы” өкмөткө, бийликке, деги эле жалпы саясий элитага каршы чыга турган карапайым калктын социалдык “протести” болушу толугу мүмкүн. Анткени соңку жылдары жер-жерлерде кытайларга колдоо көрсөткөн кызыктар тараптар өз кызыкчылыктарын жогору коюп, өзүбүздүн жарандарыбызга карата калыс эмес мамилелерди далай жасап коюшкан. Ошондуктан кытайларга карата болгон каршылык бул камуфляжданган бийликке, өкмөткө, парламентке, жалпы мамлекеттик системага жана саясий элитага болгон чор тамандардын каршылыгы, дейт эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору Тимур Саралаев.
Булак: NazarNews.kg