www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук активист, "Элдик штабдын" мүчөсү, Адил Турдугулов: "Мен эч качан жуугунду жеген эмесмин", деп Ачык саясат гезитине маек курду.
--Экс президенттин кол тийбестик макамын алууда депутаттар Атамбаевди саттыбы же жогору жактын тапшырмасын аткардыбы?
--Депуттар Атамбаевди сатты, ошондой эле учурда жогору жактын буйругун да аткарды. Чынында парламентке КСДПнын эле эмес, башка фракциянын депутаттары да Атамбаевдин макулдугу менен келген болчу. Алар 4 жыл мурун Атамбаевдин каталарын көрбей азыр эле көрөгөч болуп, эки жүздүүлүк кылып жатышат. Кыскасы, депутаттар Атамбаевдин кол тийбестик макамын алганга добуш беришип, жогору жактын буйругун аткарышты. Анткени, келе жаткан илинип, мандатка ээ болуп калайын деген максатта Атамбаевге каршы добуш беришти.
--Атамбаев бүгүн штаб түзүп, коргонууга аргасызбы?
--Штабды Атамбаевди эле коргош үчүн эмес, адилеттикти сакташ үчүн түзүлдү. Ал партиялаштар тарабынан эмес,эл тарабынан демилгелениптүзүлдү. Ал штабга соттордон,укук коргоо органдарынан запкы чеккен элдер келип, биздин катарга кошулуп жатат.
--Экс-президенттин жакындарынан бери эсептерин текшерүү басымбы же аша чапкандыкпы?
--Атамбаевдин жакындарынын эсептерин текшерүүАтамбаевге болгон саясий басымдын уландысы жана мыйзамсыздыктын белгиси. Буга Атамбаев да, КСДПда туруштук берет. Анткени, азыр канчалык күчкө салышса да, чындык жана мыйзамдуулук аягында баары бир жеңет.
--Депутаттардын беш пунктан турган айыптоосу мыйзамга дал келеби?
--Азыркы болуп жаткан иштердин баары мыйзамсыз. Анткени, анын баары буйрук менен аткарылып жатат. Мыйзамга таяна турган болсок, экс-президент боюнча мындай нормалар каралган эмес. Коомчулукту дүрбөтүп жаткан депутаттык комиссиянын беш пункттан турган айыптоосу саясий гана айыптоо. Ал жерде юридикалык негиз жок. Биз аны качантан бери айтып келе жатабыз. Башкача айтканда, мурунку Конституцияда дагы, азыркы Конституцияда дагы Атамбаевге сотторго, укук коргоо органдарына тапшырма берүүгө эч кандай укугу жок болчу. Эгер алар ошончолук эле шек санашса, мурунку Баш прокурордон баштап, Атамбаевдин мезгилиндеги премьер-министрлерге чейин жоопко тартышсын..
--Иса Өмүркулов бүгүн жугунду корлордун баары Атамбаевдин айланасына чогулду дептир. Кандай комментарий бересиз?
--Мен эч качан жугунду жеген эмесмин. Чыккынчылар Атамбаевди колдогондорго каршы ушундай сөздөрдү айта беришет да.
--Неге кечээ Атамбаевди айга-күнгө теңеп, ишенимине киргендер бүгүн аны каралоо менен алек болуп калышты?
--Эми Кожобек Рыспаевдин элитасы ошондой экен да. Өзүнө керек маалда колдогон депутаттар азыр башкача сүйлөп жатышат. Буга эки революциянын тең тиешеси бар. Эмне болсо да, эч ким жоопкерчиликке тартылбайт дешип, жоопкерчиликсиз болушуп, бүгүн бул жээкке эртең тиги жээкке өтө качып жатышат. Атамбаев бир эмес, эки революцияда элдин башында турган, эл ээрчиген адам. Азыр деле ошондогудай болуп, башка жакка салыштырмалуу чүйдүн тургундары көбүрөөк колдоп жатат. Аны колдогондордун саны күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Булак: Ачык саясат