www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кухняда” кужулдап коюшуп куурагандар эмки  “куралдуулар” алдында шоона эшпей калышты. Чет мамлекетте жүрүп Садыр Жапаров Мекенин сагынды, эли аны сагынып тосуп алганы баргандардын арасында камалгандар болду. Талгарбеков деген колхоз-совхозду тараткан кочкор мүйүз кочкорлук саясатчы бар, бир күнү дүүлүгүп кетип эле, бийликти алам деп катуу кыйкырды эле, камактан запкысы көрдү.

Өзү жалгыз көргөн жок Марат Султанов сыяктуу бир топтор  кошо камалды. Алардын арасында Атамбаевге сөөмөй кесеп койгон Нурлан Мотуев да бар. Бектур Асанов деген болгон ал губернатор кезде Жалал- Абадды бер десе, жан-дили менен кызмат кылып, Үсөн акесин үрпөйтө кубалап сакалдуу кишини Исхак Масалиев менен кошо камаган.

Убактылуу Өкмөт үчүн чалкасынан жата калды. Кийин аны кызматынан кубалап түшкөндө “бомба” жардырам деп жүрүп каяктан Кубаныч Кадыров экөө бир “кухняга”  кирип алып кужулдашканын ким билет. Бул “ушакташканы” үчүн “параша” жеп жүрүштү. Санай берсе толтура, бирок бүгүн “куралым бар” –деп кыргыз элинин тынчын алгандар өздөрүн “абийир туткуну” сезишет. Керек болсо Ак үйдү кайсы жол менен да алгысы келишет. Бирок кыргыз эли үчүн ызы-чуу эмес, тынчтык керек экенин билбейт. Ал мамлекет башында турганда калыстык үчүн баш көтөргөндөрдү эмне кылчу эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости