www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис: Коронавирус пандемиясы жакын арада бүтпөйт

Коронавирус пандемиясы жакынкы айларда токтойт деп күтүүнүн кажети жок. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйновичтин билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Коронавирус пандемиясы бир нече айда бүтө калчу нерсе эмес. Бирок аны жеңүүгө аракет кылышыбыз керек. Коронавирус башка вирустар сыяктуу эч кайда кетпей турганына адамдардын көзү жетип, ага көнө баштаганда гана пандемия соңуна чыгат”, – деп билдирген адис.

Вуйнович иммунитеттин деңгээли жетиштүү болгондо гана пандемиянын мизи кайта турганын божомолдогон. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун вакцинасы жакын арада даяр болуп каларына үмүт артып жатканын кошумчалаган.

Ал аталган вирус менен жашоого көнүү зарылдыгына токтолуп, бирок ага баш ийбей күрөшүү керектигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости