www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп шейшембиде Висконсин штатындагы 221 миң шайлоо кагазын жокко чыгаруу өтүнүчү менен штаттын Жогорку сотуна кайрылды. "Associated Press" маалымдагандай, ал ошондой эле штаттын губернатору Тони Эверстен АКШ президенттигине шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Джо Байден утуп чыкканын тастыктаган документти чакыртып алуусун талап кылууда.

Трамптын айтымы боюнча, почта аркылуу добуш берүү учурунда кызматкерлер бюллетендер салынган конверттерге даректерди өздөрү жазып коюшкан. Мындан тышкары 28 395 шайлоо кагазы шайлоочулардын тек-жайын аныктоочу документсиз эле берилген. Ошондой эле Мэдисон шаарында мыйзамсыз шайлоо участоктору да ачылган.

Штаттын Жогорку соту губернаторго 1-декабрь, 20:30га чейин доого жооп берүүгө убакыт берген.

Эске салсак, бир күн мурда Висконсин штатындагы шайлоо бөлүмүнүн башчысы Энн Джейкобс менен губернатор Тони Эверс штатта Демократиялык партиянын талапкери Джо Байден утуп чыкканын расмий жарыялашкан. Ага ылайык, демократ Джо Байден республикачы Дональд Трамптан 20 700 добушка көп алган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости