www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унаа жолу жогорулатылган коркунучтун булагы болуп саналат.  Жол кырсыгы жол кыймылынын катышуучуларынын тажрыйбанын жетишсиздигинен, байкабастыктан, билбестиктен жана негизги эрежелерди сактабагандыктан келип чыгып, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун алып, жашоосун талкалоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Оор жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо үчүн  жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн буруу жана жолдордо коопсуз жүрүм-турумду кеңири жайылтуу максатында,   ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери менен биргеликте “Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз!” аттуу  челенджин өткөрүштү.

Уюштуруучулар мындай иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн бурат деп ишенишет.

ИИМдин ЖКККББ өмүр жана ден-соолук эң жогорку баалуулук экендигин эскертет. Ал эми жол кыймылынын эрежелерин сактоо - ар бирибиздин коопсуздугубуздун кепилдиги!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости