www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-декбарь күнү Журналист Дайырбек Орунбеков, Райымбек Матраимовго кимдер каршы чыгып, Американын буйругу менен болуп жатканын ачыктап, өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда ал “Райымбек Матраимовго багытталган кара пиар – Американын колу менен болуп жатканы эми толук ачыкталды окшойт. Эстейли, кимдер каршы чыкты?

1. “Азаттык” радиосу;

2. “Клооп” сайты

3. РЕакция кыймылы;

4. НПО сектор;

5. Батышчыл көз караштагы активист, саясатчылар;

Жалаӊ Америка менен байланышта, алар менен маалыматтык жана идеологиялык жактан тилектештиги бар жарандар көп кыйкырып келди. Муну менен жогоруудагы басылмаларга сын айткым келбейт, тактоо үчүн гана эске салдым.

Иликтөө кылган достор, силерди эмне үчүн Матраимовдон башка фигуралар кызыктырбайт? Ырас, Американын элчилиги ачык биздин, УКМКнын ички ишине аралашып жаткандан кийин, силерге “Матраимовго гана көӊүл бурасыӊар”-деп тапшырма келди беле? 2011-2017-жылдар аралыгында Бажыдан чыгарылды деген акча-каражаттары боюнча сөз кылып жатып, Бажынын башчысы Кубанычбек Кулматов тууралуу бир ооз дагы кеп кылган жоксуӊар? Эмнеге Атамбаевди эстегиӊер келген жок?

Биз эркин мамлекетпиз. Ички саясатыбызга, улуттун коопсуздугун караган органга Американын элчилиги кийлигишип, кантип тергөө жүргүзүү керектигин үйрөтүп, аралашып, эгемендүүлүгүбүзө шек келтирип жатканы дипломатиялык ката, атайын жасалган провокация деп баалайт элем.

Акыркы убакта НПО сектордун чектен чыгуусу, “жарандык коом” деген маска кийген шпиондор, жат көрүнүштөрдү жайылткан сатаналардын кулачы жайылып келе жатат.

Бүгүн булар Матраимовду каралап, болушунча жек көрсөтүп, ал аркылуу тымызын ички саясатка кирип келе жатышат. Көзүбүздү ачпасак, эртеӊ өздөрүнүн шпиондору аркылуу бүткүл тармакка ээн-эркин кол салып киришет.

Буга чейин тымызын колдоп келип, эмнеге аягында элчилик өзү чыга калды,  кандай саясат бар?”, - деп жазган Дайырбек Орунбеков.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости