www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулда Орусия дипломаттарынын унаасы жардырылды

Орусиянын Афганистандагы элчилигинин унаасы Кабулда колго жасалган жарылуучу зат менен жардырылды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

 «1-декабрда Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн унаасы Кабулдагы Орусиянын элчилигинин комплексинин жанынан өтүп бара жатып, колго жасалган жарылуучу зат менен жардырылган. Унаанын ичинде болгон Россиянын чет элдик агенттигинин кызматкерлери өлүмдөн бир аз мээси гана чайкалып кутулушкан»,- дейт Захарова. 

Захарова орус мамлекетинин атынан Афган бийлигин окуяны иликтөөгө жана өлкөдөгү орус дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Анын айтымында, алдын-ала божомолдор боюнча, террорчулардын кол салуусунун максаты унаанын алдында Афганистан аскер кызматкерлеринен турган аскердик унаа болушу мүмкүн, бирок Орусиянын жарандарына багытталган кол салуунун версиясы азырынча четке кагыла элек. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости