www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги учурдагы кырдаал тууралуу жеринен NazarNews.kg маалымат агенттигине Адылбек Акматов кабарлады. 

--Учурда Баткен облусунда кырдаал туруктуу, чек ара жабык боюнча турат. Ондогон азык-түлүк, күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу автоунаалар Лейлек, Сүлүктүгө өтө алышпай турат. Мындай кырдаалдан улам, аталган аймакта азык-түлүк жана күйүүчү май, курулуш материалдарынын каатчылыгын пайда кылары талашсыз. Оор жүк тарткан мындай чоң унаалар Тажикстандын чек арасын айланып өтүүчү Аксай - Рават жолу аркылуу өтө кооптуу болгондуктан жолдун ачылышын жергиликтүү калк чыдамсыздык менен күтүшүүдө. 

Эске сала кетсек, эки тараптын 17-марттагы тажик-кыргыз тараптын сүйлөшүүлөрү азырынча коомчулукка ачыкка чыккан жок. Жаңжалдан кийин тажик тарап, Ош-Баткен-Исфана жолун кыргыз тарап Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан.

Эки тараптан ызы чуу 13-14-мартта чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тажик тараптан эки жаран, кыргыз тараптан бир нече адам жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости