www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-вице спикер Бөдөш Мамырова Аксы окусындагы жана учурдагы саясый кырдаал тууралуу NazarNews маалымат агенттигине пикирин билдирди.

--“Өлбөгөн жанга жаз да келди»-демекчи биз тирүүлөр Аксы окуясынан берки 17жазды эскерүү менен тосуп атабыз. Акаевдик башкаруу системасындагы бийлик өз элине ок аткан башкача айтканда өз талаптары менен келе жаткан, тынчтык мезгилде ок менен тосуп, кырчындай кыргыз азаматтарын олтуруп, элдин эсин эки кылып, тарыхка кара тамга менен жазылып калган, унутулгус кайгылуу окуя. 17 жыл өтсө дагы Аксылык азаматтардын, элдин эркиндиги, улуттун көз карансыздыгы кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн болгон эрдиги эч качан унутулбайт. Ошондо ок менен тосуп алып элди коркутуп баш көтөргүс абалга алып келем деген бийликтин түркөй саясаты акыры Акаевдин  түбүнө жетип мекенинен куулганга аргасыз болду. Кыргызга жараткандан берилген  беттегенин бербеген баатырдык эркиндикти эңсеген жаратмандык касиеттүү улуу тарыхы бар эл экендигибизди дагы бир жолу дүйнө элдерин тамшандырды. Бүгүн бир канча жерде анын ичинде Боспиекте, Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Борбордук аянтта Жогорку Кеңештин  төрагасы, Өкмөт башчынын катышуусунда ал эми Форум ишканасында экс-президенттин катышуусунда эскерүү өткөрдү. Аксы окуясы эскерилиш керек, бирок ар ким аны өз кызыкчылыгы же болбосо бийликке болгон таарыныч ич күптүсүн чыгаруу үчүн же өзүнө упай топтоо үчүн аянтча катары пайдаланбаш керек. Шейит кеткендердин арбагы мындай араздашуу кызыкчылыгын таңуулагандарды кечирбейт анткени шейит болгондор элдин энчисине кол салган арамза айлакер саясатчыларга  жасалма жүздөргө каршы болуп өмүрлөрү кыйылган. Форумда “Аксы окуясын эскерүү” деп тема коюлуп, макрумдарга Куран окуталганы менен «алты катын азага барса ар кимиси өз арманын айтып кошок кошот»- дегендей аксылык азаматтарды эскерүүнүн ордуна  ар бири  өз ич күптүсүн бийликке болгон таарынычын ал тургай жеке инсандын(личность) аброюна чейин кирип кетишти. Мынча болду Аксылык азаматтар эмне болгон инсандар эле эмне үчүн өлүмгө башын байлады окуя кайдан башталган эмне түрткү болгон эч болбосо Үзөңгү Кууш Кытайга кеткени жөнүндө айтылып калса өлгөндөрдүн арбагы ыраазы болмок. Айтылбады... анткени сүйлөгөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү Аксы окуясынан кабары жоктор болсо да учкай гана  аралаша калгандар ал тургай жалындуу сүйлөп көкүрөгүнөн көк түт үн чыгарып кыйкырып аткан кээ бир кыйындар Акаев системасындагы негизги фигуранттар. Ошондуктан дагы Аксы окуясынын чын бышыгын акыйкаттыгын ачык айтууда биринчиден жакшы кабардар эмес экинчиден карманышат. Менин айтайын дегеним Аксы окуясынын баштан аяк билип катышып иликтеп жүргөн инсан катары бул окуяны ар ким өз кызыкчылыгы үчүн тема кылып  өзү ыйгалуу аянтчага айландырбаш керек, анткени арбактар аны көтөрө албайт анткени алар бейкүнөө өлгөндөр-шейит кеткендер. Албетте эскерип куран окутуу ар бир кыргыз жарандын өз эрки парзы бирок мындай болбош керек биринин дарегине бири акаарат айткан арбактардын түйшүккө салат. Аксы окуясынын маани маңызы элдин эркиндиги элдин эсебинен байлык топтоп казынага кол салбоо элдин эсебинен байлык топтогондор менен аёсуз күрөшүү бийликти үй-бүлөөлүк башкарууга айлантпоо мекендин бүтүндүгү эң негизгиси адилет башкаруу бийлик элдики элге кызмат кылуу экендигинде. Бийликке болгон ич күптүнү башка форматта Аксылыктарды ала чуркабай эле ай сайын ал тургай күнүгө чогулуп алып айта берсе болот, анткени Форум аныны менчиги го. Мен да   бүгүн шейит кеткендерди эстеп окуяны көз алдымдан өткөрүп, Камкаян эненин «алты кыздын ортосунда жараткандан тилеп, сурап атын Сатымбай деп койгон  бешенеме бүткөн бала эле мен кантип мындан ары күн кечирем» деп боздогону, Момбек абанын «кара жер катуу экен көтөрүп турат атаңдын көрү ай атаны балага топурак салдырган» деп белиндеги курун кырча карманып боз үйдү тегеренип онтогону, «эмдиги жума үйлөнөт эле сөйкө салып тойго камданып аттык эле каранкүн кайдан каптады мен го ботодой боздоп өлбөстүн күнүн көрүп өтөөрмүн жалындай кезинде жалган жесир аталган жаш кыздын тагдыры кандай болот» деп, буркураса жанына киши тура албаган Советбектин апасын «балам байкуш канкорлордон качып бакка да жарга да алтаргай таштанды чаканы да баш калканч кылып кочодон кочого качса да  артынан кууп журуп атыптыр кудайдан үмүтү үзүлгөн жанкечтилер»-деп жанын койоорго жеп таппай  боздогон он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек 16 жаштагы Элдардын апасын «он колум отунга, сол колумду сокуга тийгизбей кыздарымды тарбиялап  бар жок менен ишим жок байымдын багуусундагы  бейкапар жашоомдон бир заматта ажыраткан Акаев эки дүнүйө оңбосун мына бул бешикте бейкапар уктап жаткан алты айлык наристени атасыз калтырган бийликке наалат эми беш баланы кантип багып бутуна тургузам»-деп байынан аялдык бактысынан ажыраган Айбарчанын армандарын көз алдымдан өткөрүп каңырыгым түтөп, Аксынын шейит кеткен азаматтарына арбагыңар ыразы болсо экен  бейиштин  гүлбакчасында жүрсөңөр экен деп дуба кылдым. Албетте арадан бир топ убакыт  (17жыл)  өтсө да саясий баасын алган менен укуктук баа берилип кунөөлүүлөр  татыктуу жазасын алган жок. Мынтип улам убакыт өткөн сайын ар ким Аксы окуясы деп тема коюп алып  билгени деле билбеген деле бир ооз маани манызына сарасеп салбай эле көкүрөк чапкылаган пиар компанияга же болбосо оппонентине каршы курал катары колдонуп саясий соодага айлантпаш керек. Аксы окуясы эки жолку элдин эрки менен бийлик алмашуунун башаты эркиндиктин уңгусу башкача айтканда эки революциянын Локомотиви!!! –деди экс-вице спикер Бөдөш Мамырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости