www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тергөөчүлөрү "Аэрофлот" компаниясынын Лондондогу өкүлү Дмитрий Федоткинди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап жатат. Бул тууралуу "ТАСС" агенттиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, азырынча ФСБнын Интернет сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат чыга элек.
Эгерде Федоткинге тагылган айып аныктала турган болсо, ал 12 жылдан 20 жылга чейин абакка кесилип, жарым миллион рубль айыпка жыгылышы ыктымал.
Белгилей кетсек, Дмитрий Федоткин Улуу Британиянын чалгын кызматына "Орусиядагы коомдук-саясий кырдаал жаатындагы жашыруун маалыматтарды берген" деп шектелүүдө.
Бул арада "ТАСС" агенттиги Федоткин мындай кызматта туруп мамлекеттик сырга ээ боло алмак эмес деп жазды.
Эске салсак, Федоткин Москва шаарынын Лефортово райондук сотунун токтому менен быйыл 11-ноябрда кармалган жана 2021-жылдын 10-январына чейин камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg