www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манжа оорусу менен өпкө рагынын кандай байланышы бар?

Манжанын баш жактарынын көөп кетиши өпкө рагынын белгилери болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып жазды.

Басылма Онкологиялык ооруларды окуп, үйрөнүү боюнча британ коомунун өкүлү Эми Херстин айткандарына таянган.

Адистин айтымына караганда, мындай өзгөрүүлөр манжанын муун оорусунун таралган белгиси болгону менен организмдеги билинбеген башка жакшы эмес өзгөрүүлөр туурасында кабар бериши мүмкүн.

"Манжалардын бул оорусунда анын баштары жана тырмактын формасы өзгөрүп, шишигендей элес калтырат", — деген Херст.

Төмөнкү белгилер байкалганда дароо көңүл буруу талап кылынат:

Тырмактын негизи жумшарып, ал эми тери жылтырап баштайт;

Тырмак адаттагысынан башкача ийилчээк болуп кетет;

Манжалардын башы чоңое баштайт.

Эксперт эгерде ушундай белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылууга кеңеш берген.

"Бул аталган жерге кандын адаттагыдан көп келишинен кабар берет. Бирок эмне үчүн мындай болуп жатканын аягына чейин түшүнө албай жатабыз", — деп айтышкан аталган уюмдан.

Херст өпкө рагынын дагы бир канча белгилери бар экендигин кошумчалаган. Алар — дайымкы жөтөл, демдин кыстыгуусу, көкүрөк туштун оорушу, жутканда кыйналып кеткендик, кирилдеген үн, бет менен моюндун шишип калышы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости