www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев азыркы бийлик элге жек көрүнүш үчүн бир ай жетиштүү болду деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда өткөн "Референдумга каршы!" тынчтык жүрүшүндө айтты.

Ошондой эле ал "Ала-Тоо" аянты Кыргыз өлкөсүнүн улуттук ордосу экенин, бийлик бузулуп бара жатканда элдин үнү ушул аянттан чыгарын айтат.

"Аба ырайынын суук экенине карабай келип бергениңиздерге рахмат. Элге жек көрүнүш үчүн Бакиевге 3 ай керектелген. Азыркы бийликке бир ай жетиштүү болду. "Буту жаман төрдү булгайт, ниети жаман элди булгайт" деген кыргыздын сөзү бар. Булардын ниетин билдик, эл үчүн келбептир, эптеп эле бийликти басып алып, эптеп эле байлыкты бөлүштүрүп алайын дептир. Бир айдын ичинде булар бийликти бөлүштүрүп бүтүштү. Эми байлыкты бөлүштүрүүгө өтүштү. Биринчи Конституцияны тебелешти, элди зордоп жаңы редакцияны кабыл алууну мажбурлап жатышат. Бул Конституция өтпөйт, себеби биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Алар кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз, ага элдин үнү камтылган эмес.

Азыркы келген бийлик бир айда элди консолидация кыла алган жок, элге өнүгүү жолун көрсөтө алган жок. Тескерисинче, элди кагыштырып, экиге бөлүп жатат. Мындай бийликтин келечеги жок. Себеби алардын ниетин, эл жөнүндө кандай ойлой турганын көрдүк. Биз бүгүнкү иш-чарага чыккан жаштар менен келечек үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Кийинкиде мындан да көп жаштар келет деп ойлойм.

Бул биринчи чогулуш, эскертүү. Элдин укугун, эркиндигин тебелегенге эч ким жол бербейт. Бийлик фейктерге эмес элге, бандиттерге эмес мыйзамга таянышы керек. Бийликтин күчү мыйзамда", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости