www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте сунушталып жаткан жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор нааразылык акциясы катары жөө жүрүшкө чыгышты.

Саат 12:00дө башталган нааразылык акциясы 13:30дар чамасында жыйынтыкталды.

Бул иш-чаранын аягында уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн эгер алардын талаптары аткарылбаса жума сайын митингдерди өткөрүшө турганын кабарлады.

«Эгерде эч кандай реакция болбосо, биз жума сайын акция уюштурабыз. Буга чейин да болгон мындай нааразычылык митингдер. Бүгүн үчүнчү жолу өтүп жатат. Мындан ары ар жума сайын өткөрөлү деп жатабыз. Анткени, биздин да көз-карашыбыз, позициябыз бар», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, митингге жарандык активисттер, коомдук ишмерлер, айрым саясатчылар катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости