www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистан бийлиги өлкө тургундарына чет мамлекеттердеги куралдуу аракеттерге катышууга тыюу салып, жаңы мыйзамды бузгандарга жазалар каралды. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы өкмөттүк документке таянып билдирди.

Белгиленгендей, бул тыюу диний мүнөзгө ээ.

Ошондой эле афган бийлиги өлкө аймагын башка мамлекеттерге каршы аракеттер үчүн колдонууга тыюу салды. Документтин текстинде калктын өлкөнү тышкы коркунучтардан коргоо милдети белгиленет.

Жогорку даражалуу афган аткаминеринин айтуусунда, документ кабыл алынган жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңге жакын диний лидер катышкан, ошондой эле өлкөнүн премьер-министри Хасан Ахунд да болгон.

Көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдары жарандардын башка өлкөлөрдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуусун тыюу салат. Август айында Колумбиянын президенти Густаво Петро парламентке жалданмачылыккы тыюу салуучу мыйзам долбоорун шашылыш кароого жөнөтүү боюнча кайрылган.

Октябрда Өзбекстандын соту РФ тарапта СВОго катышкан жаранды жалданмачылык үчүн үч жылга эркинен ажыратты.

Буга чейин АКШ президентине Жакынкы Чыгышта Конгресстин уруксатысыз согуш жүргүзүүгө тыюу салынышы маалымдалган.

Последние новости