www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.

Тактап айтканда, аталган борбордун 6 эксперт-дарыгери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталып, натыйжада, алар туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен. 

Натыйжада, төмөнкү 6 эксперт-дарыгер кармалды:

1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

 

Последние новости