www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда поездде 52 адам газга ууланган. BAQ.KZ маалыматы боюнча, окуя болгон жерге он үч тез жардам бригадасы жөнөтүлүп, бардык жабырлануучулар текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканаларга жеткирилген.

Текшерүүлөрдөн кийин 10 бала ооруканага, алардын экөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, калгандары медициналык көзөмөл астында адистештирилген бөлүмдөргө жайгаштырылды. Башка  жабырлануучулар зарыл болгон медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылды.

"Казакстан темир жолу" улуттук компаниясы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, поезд жеке менчик ташуучуга таандык болгон жана вагондор тасма тартуу үчүн киностудияга берилген.

Транспорт полициясынын башкармалыгы Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси - эмгек коопсуздугу эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Учурда окуянын себебин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

Последние новости