www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африка материгинде жайгашкан Мозамбик өлкөсүндө радикал исламчылар менен болгон беттеште Вагнердин армиясынын 5 жалданма аскери каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орусиялык жалданма аскерлердин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылар уюштурган барымтага туш болушкан. Өкмөттүк армиянын 20 аскери жана орусиялык 5 жоокер каза болгон. Булардын баарынын башы алынган.

Өлүктөр Муеда шаарынын ооруканасына алынып келинген.

Орусия бул тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Мозамбикте 2017-жылдан бери өкмөттүк аскерлер менен радикал исламчылардын ортосунда согуш жүрүп келе жатат. Орусия менен Мозамбиктин ортосунда аскердик кызматташтык боюнча келишим болгон менен, расмий түрдө бир да орусиялык жоокер ал өлкөгө барган эмес.

Белгилей кетсек, Вагнердин армиясынын кызматкерлери Африканын Ливия, Судан жана башка 11 өлкөсүндө кызмат кылып жүрүшкөнү айтылып жүрөт. Орусия расмий түрдө Вагнердин жеке аскердик компаниясына тийиштиги жок экендигин айтып келет. Вагнердин армиясы Орусиянын бир да күч түзүмдөрүндө катталган эмес. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, Вагнердин армиясын Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгы жашыруун башкарат жана бул армия Орусиянын өкмөтүнө баш ийет.

Батыш журналисттеринин изилдөөсүндө, Вагнер – бул Дмитрий Уткин. Уткин 2013-жылга чейин Орусиянын куралдуу күчтөрүнө караштуу спецназ отрядынын командири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости