www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким мандатка татыктуу?

Кызык суроо бекен? Анда эмесе ушул кепти чечмелеп берели. Айрым элитанын каймактары карды ток, капчыгы калың, салмагы сайдын ташындай болгон адам мандатты алышы кажет деп кайкалап кетишти. Алардын айтканына ынансак кайрадан эле элдин эсебинен жашагысы келген, сүлүк курттай кан соргондор парламентте шукшурулуп отурушу керек тура. Биздин шорубузду кайнаткандардын эңсөөсүн кантип токтотконду билбей көк мээ улактай болуп отурганыбыз деги туурабы?

Кайдыгерлик адатыбыздан жанбасак эмдиги жылы азыркы эле кыйындар сыяктуу эл өкүлдөрүнө ээ болобуз. Ыйынган сайын бир боорсокту шишке сайып мадыраңдагандардын жолуна бөгөт койбосок эски чапанды кийип, алдына аш куйган табагын алдырган чор тамандын образына түшүп кала беребиз. Ошондуктан оттун ысык илебине чыдагандар, мекенчил жүрөгү барлар, илимдүүлөр, элге камкорлор, туңгуюктан жол тапкандар эмитен коңгуроо кагып, алдастаган мекендештерди бир муштумга топтоолору талапка ылайык. Антпесек баскынчылардан арылуу мүмкүнчүлүгү жок,-деп "Ачык сөз" гезити жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости