www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айындагы толкундоолор өлкө тагдырын кыйчалыш кырдаалга кептеп мамлекттүүлүгүбүз жарга такалып барып токтоду. Ошол учурда бийлике кимдер гана жулунган жок. Жалганчы, шылуун, ууру кыскасы Кудайдан жөө качкандары деле мамлекетти жетектеймин деп эшек майданга чыкты.

Баса, так ошол шылуундардын арасында 15 жылдан бери саясаттан бакты ачылбай келе жаткан Т.А аттуу саясатчыга Айчач аттуу кыздан “анонимдүү” кат келип түштү. Катты окурмандарга азырынча “Т.А” деп жеткирүүнү сунуштадык.

***

Менин Сиздерге кат аркылуу кайрылганымдын себеби төмөнкүчө: Бул жолу Жараткан элибизди аз жерден бир шылуундан Кудай сактады. Ал, Т.А аттуу жасалма саясатчы. Балким ага бул жолу тагдыр жылмаймак ... Бирок жараткан деле көрүп турат окшойт кичине жерден оомат Садыр Жапаровго ооду. Себеби Т.А 2010-жылы келгенде, элге үмүт отун жандырып, катуу келген менен анын айткандары баары калп болчу. “Кыргызстандын бюджетине барабар каражат айланган компанияны жетектеп жүрүп кичи мекенимдеги абалга жаным ачып саясатка башымды байладым” дегени карандай анткорлонуу экен.

Кыргыз элинде: “калптын казаны кайнабайт” деп коет. Килтейген партиянын жетекчиси Т.А жөнүндө бир мурдагы досу өз баракчасына:” Ал кыргызстандык жоон топ партиянын актвистерин, беш журналисти Москвага чакырып, үйүм деп шаар четинен бир особнякты арендага алып ойда коноктоп узатканы келечекте кыргыз элинде карайлаган там сүзөт болуп лидер издеп жүргөндөргө таштаган тузагы экен” дейт ошол журналистердин бири.

Көрсө, андан бир аз мурун жеңилүү ызасын көрүп калган Акаевдер буга “ставка” коюп аттап тондоп жөнөтүшкөн тура. Ыза көрүп буулугуп кыргыз бийлигинен өч алышты көздөп турган Бермет Акаеваны аял катары да, спонсор катары да каалашынча пайдаланганы боюнча сүрөттөрдү көрүп оозум ачылды” дейт атайын кызматтын офицери.

Акаевдерди пайдаланып алардын акчасы менен Кыргызстанда таанылып алгандан кийин алардан куйрук үзгөн Т.А кичи мекенинде жалындуу сөздөрү менен өлкөнү сактап калуучу катары өз жүрүшүн баштайт. Алгач партиясына мүчө болгондор көп болуп “чакан” электорат пайда болуп артынан элди ээрчитип шайлоолорго катышууну адат кылып, ар кайсы күчтөрдөн акча өндүрүп аферистигин баштайт.

Кимдин ким экени бат эле билинип анын “саясий бизнес планына ишенгендер” ага акчасын алданып кала беришкенин айтып жүрүшөт. Өзгөчө өлкөнүн туштүгүнөн чыккан ишкерлерди Т.А жакшы эле саап жыйынтыгында: саясатка кеткен акча кайтарылбайт” деп миллиондорду сиңирип кеткенин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын координациялагандар өздөрү айтып жүрүшөт.

Кыздын сыры төркүнгө маалым болуп акыркы жылдары ага эч ким деле ишенбей калган. Бирок карапайым партиялаштары анын фанаты бойдон калып ал эмне десе ошону кылып чурулдап жүрүштү. Ал “ишенгеним силерсиңер” деп саясий кеңеш түзүп, ишкерлерин баш, бюджетниктерин төш кылып 100 миң сомдон партиянын керектөөлөрүнө деп төктүрүп жыйынтыгында алакан жайып шайлоодо ойт берип кеткенин айтып нааразы болду жердеш инилеринин бири.

Башка партия лидерлер шайлоодо партизме түзүп мандат соодалашса бул “эргул” саясий кеңеш түзгөндө эле акчага байлап иш жүзүндө саясий кеңештеги орунду 100 миң сомдон сатканын угуп тан бересиң. Т.А эркектердин саясий келечектен үмүт кылып салган акчалары эчтеке эмес. Ал партиясындагы өндүү-түстүү, чакан ишкерлик менен алектенген кыз кыркындардын бир нечеси менен “ысык мамиле түзүп” аны менен эле токтоп калбай кезектешип алардын үйүндө жашап акчаларын алдап өз керектөөлөрүнө (Москвадагы үй-бүлөсун багууга, батир акысын төлөөгө, чет жактарга чыгууга) жумшап турган.

Кызыгы анын аферисттик ареалында 3 журналист келин да бар. Алардын бирөөсү альфонстун сүйүүсүнө ишенип жубайын, алмончоктой балдарын таштап баса берген. Бул жөнүндө алардын бирөө ызасына чыдабай соцтармактагы баракчасына ал жөнүндө “сүйүү сериал” кылып жазып баштап кайра өчүргөн жайы да бар.

Келиндердин батирлеринде көңүлдөштөр кезигип калып Альфонстун бетин тытып, бири-бири менен чачташкан учурлар да болгонун өкүнүү менен айтып жүрөт белгилүү журналист келин. Оруссияда мигрант болуп өзү араң келген дагы бир келин ага арбалып баш аягы жарым миллион сом өз эсебинен жана ар кимден сурап берип жүрүп кайтара албай калганын айтып ичинен кан өтүп ызасын ичине катып жүрөт. Өткөн шайлоодо эле бул эргул бир облустун координатору кылып, тизмесине 6-кылып каттаган талапкер айымга 18 миң долларга облус борборундагы үйүн күрөөгө койдуруп акчасын алып ал болсо чачын жулуп жүргөн чагы.

Өткөн шайлоодо БШКга төлөнгөн 5 млн сомдун 2 жарым миллионун төлөгөн спонсору партия лидерин азыр жарга такап жаткан учуру. Бирөөлөрдүн эсебинен жан багууга өтүп алган Т.А мындай “альфонсттук” жашоосун канчага чейин улантаар экен же ага кайра-кайра эле “свежий жертвалар” КАБЫЛА БЕРЭЭР БЕКЕН ДЕП МЫЙЫГЫНАН ЖЫЛМАЯТ анын  МУРДАГЫ “ОДНОПАЛЧАНЫ”. Баса кезегинде афганецтерди да колдонуп туруп аларды коом алдында уятка калтырып койгону белгилүү.

Аны студенттик кезден билген курсташы: “анын эч кандай күргүштөтүп киреше берген компаниясы жок болгону Тула облусунда тондурулган объектиси бар”, десе, ЖОЖдо чогуу окуган теңтушунун айтымында: Т.А аферисттик аракети тээ студенттик кезде эле пайда болуптур. Москвалык курсташы Оленага үйлөнүп, ал бечара күйөөсүн ээрчип Кыргызстанга келип жашаган. Тилекке каршы эргулдун күнөстүү Кыргызстандагы жомоктогудай жашоосу жалган болуп чыгып, Москвага кайра кетишет да кайын атасынын үйүнө мураскер болуп калат. Аскер генералы кайнатасынын колдоосу менен ландшафтык дизайн менен алектенген фирма ачып иши жүрүшүп баштайт, ал жактан дизайнер болуп иштеген Тамара аттуу жаш сулуу менен сүйүү романын айландырып аягында үй бүлөсүн таштап тынат. Андан кийин эки жыл өтпөй Башкыр-Нефт компаниясынын орун басарынын кызын алып иши оңунан чыгат да мигранттарга борбор ачымыш болуп кайырмагын бир аз мурун Кыргызстандан куулган Акаевдерге ыргытат. Кайырмагына Акаевдер илинип ири суммага ээ болуп саясий жүрүшүн ошентип баштап калган. Анын акыркы алдамчылыктары да ачыкка чыккан турат.

Себеби ага спонсор болуп жүргөн Э.К. аттуу Кыргызстандык мигрант башына иш түшүп абака түшүп калып адвокаты аркылуу А.Тга жардам сурап кайрылат. Андай мүмкүнчүлүктү жөн кетирбеген эргул андан 8000 АКШ долларын алып түрмөдөн чыгарууга убада кылган боюнча дайын жок кетет. Телефонун блоктоп салган А.Т, “жыл аягында чыгып энеңди үч коргондон көрсөтөм” деп дубай салам жолдогон.  

Бул аферист УШУГА ЧЕЙИН КЫЛГАН КҮНӨӨМДҮ КУДАЙ КЕЧИРСИН деп сыйы менен кетип, калган өмүрүн Москвадагы үй бүлөөсү менен өткөрсө жакшы болмок. Болбосо андан жабыр тарткан, акчасын алдаткандар азыр баштарын бириктирип Альфонсбектин шермендесин чыгарып, абийирин айрандай төгөбүз деп жаткан чагы. Баса алар: бизде  анча мынча сүрөт, видеолор да бар дешти.

Анан ушундай адам эфирге байма-бай чыгып өзүн Кыргызстандын жалгыз сактап калуучусу, ак жүрөк патриот кылып көргөзүп жатса күйбөгөн жериң күл болот. Бирок дээрлик 10 жылга созулган  “саясий шумпайлык” жүрүшүнүн акыры келип калганын Ысык-Көлдөн экинчи президент чыкпасын сезип калган Т.А акыркы күндөрү бийликке жагалданганды адат кылып алды. Болбосо ал 7-8 октябрда эле: “Садыр Жапаровдун бийликке келгенге моралдык укугу жок” деп түз эфирде какшанып турганы калппы? Же аны Москвадагы башкыр аялы да өз турмушунан чийип “башын баш багалчагың кара таш” деп жолго салган окшойт. Мына ушундай достор эбиреген саясатчынын баарына эле эзилип ишене бербей көздү чооң ача турган мезгил келди.

Баса, Т.А элге эмес өз туугандарына кымындай жакшылык кылбаган пенде экенин, ата-эненин ыраазычылыгын албай, бир туугандарынын назарын калтырып каргышка калганын айтып анын жакын жеңеси партиянын офисине келип абийирин айрандай төгүп кеткен. Чынында эле бул пенде  партиялаштарынан ай сайын офистин арендасына деп аласасы бардай акча доолаарын айтып санын чаба каткырат мурдагы ага 3000 доллар алдаткан партиялашы “мен го ишкермин аны идеял тутуп жүргөн врач, мугалим, бекерпоз фанаттары ары карап ыйлап, бери карап күлүп ай сайын асты 2000  арты 500 сомдон партвзнос чыгарып офистин арендасын төлөшөт.

Алардын балдарынын ырыскысын Т.Ага жумшап жүргөн убалы тиги дүйнөдө да уктатпайт го дейт. Мурдагы штаб башчысын 10 жылдан бери бекер иштетип айлыгын бербей жүргөн кишиден деги жакшылык күтүп болобу? Сүйлөгөн сөзү башка, кылган иши такыр башка саясатчылардын кимисинин дарамети кандай экенин билип алган оң го. Эгер бул материалдар шайлоо учурунда чыкса: “мына оппоненттерим каралап жатат” дебес үчүн шайлоолор бүткөндө чыгарууну туура көрдүк.

Жакшы жери Т.Адан жабыр тарткандардын саны тарып баратат. Себеби анын жүз кубулган, маска тагынган чыныгы жүзүн, аягы суюк альфонстугун, бирөөлөрдүн эсебинен жашап көнгөн аферистигин көбү билип калышты. Жакында ошол жабыр тарткандар өздөрү баштарын бириктирип Т.Ага алданткан акчалары боюнча маалымат берип укук коргоо органдарына кайрылууга ниеттенишүүдө. Ошондо Т.Анын ким экенин өз ооздорунан угабыз. Антпесе анын бал тилине алданган жаны фанаттары пайда болуп алар да, Т.Анын бал тилине алданып адаттагы курмандыктары болуп калбаса экен деген тилек. Кооз сөзү менен арбап элди колдонгонду гана билген, башкаларга эмес өз бир туугандарына кымындай жакшылык кылбаган мындайларды кыргыз элинде: “боз куурай” деп коёт. Жараткан элибизди пайда батасы жок, жүргөн жерине чөп чыкпаган “боз куурай” саясатчылардан сактасын, - деп жазган жашыруун катка Айчач.

PS: Жакынкы аралыкта NazarNews маалымат агенттиги кайсы саясатчы экендигин ачыкка чыгарабыз.

 

Последние новости