www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын жаңы президенти Джозеф Байдендин администрациясы Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) өкмөтү менен дипломатиялык каналдар аркылуу байланыш түзө элек. Бул тууралуу Рейтер агенттиги Ак үйдөгү булакка шилтеме берүү менен билдирди.

Булактын айтымында, Байдендин администрациясы КЭДР өкмөтү менен февраль айынын ортосунан бери, анын ичинде Пхеньяндагы БУУнун миссиясы аркылуу байланыш түзүүгө аракет кылып жатат. Бирок, бул аракеттер азырынча натыйжалуу боло элек.

Басылманын маалыматына караганда, Байдендин Түштүк Кореяга жана Жапонияга март айындагы сапарларынан кийин Түндүк Корея администрациясынын байланыш түзүүдөн баш тартуусу тынчсыздандырат.

Булактын айтымында, АКШ менен КЭДРдин ортосундагы жигердүү диалог бир жыл мурун, экс-президент Дональд Трамптын тушунда токтоп калган. Бирок мунун себеби белгисиз.

Эске сала кетсек, Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жолугушкан АКШнын биринчи президенти болгон. Бул 2018-жылдын жайында болгон. Ошол учурда Түндүк Кореяга каршы санкциялар жеңилдетилет деген кептер тараган. Бирок бул келишимдер ишке ашкан жок.

Джо Байден шайлоо өнөктүгү учурунда Түндүк Кореянын лидери менен жолугушуусу Түндүк Корея өзөктүк куралсыздандырууга макул болгон учурда гана мүмкүн болорун айткан. Байден 2021-жылдын башында кызматка киришкенден бери, анын администрациясы АКШнын Түндүк Кореяга карата саясаты кандай болору тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости