www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фетуллахчы террордук уюмдун (ФЕТӨ) жана анын лидери Фетуллах Гүлендин караңгы тарабы (жүзү) жөнүндө жарыя Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарынын эң белгилүү аймактарынын бири Таймс Скверде жарыяланды.

Шаардын эл эң жыш жайгашкан жери болгон Таймс Сквердеги санариптик ири экранда «Ал Пенсильванияда жашайт. Ал 251 бейкүнөө адамды өлтүрдү. Гүленди токтот» деген сөздөр орун алды.

Жергиликтүү убакыт боюнча 17.30-18.00дө (Түркия убактысы боюнча саат 01.30-02.00) жарыяланган жарнама менен ФЕТӨнүн караңгы тарабы америкалыктарга көрсөтүлдү. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Март айынын башында, ФЕТӨгө мүчө топ тарабынан Таймс Скверге жакын жердеги 42-көчө менен 8-көчөнүн бурчундагы санариптик экранда Түркияны каралоого карай берилген жарнама, Түркия-Америка коомчулугунун катуу каршылыгын жараткан.

Түрк коомчулугунун өкүлдөрү аталган жарнакты жарыялаган Outfront Media жарнама компаниясына телефон чалып нааразычылыгын билдиргенден кийин бул жарнама алынып салынган.

Кийинчерээк, 6-мартта Нью-Йорктун Times Square, Penn Train Station жана Port Authority автобекети сыяктуу эл көп жүргөн жерлерде ФЕТӨнүн караңгы тарабын жана анын дүйнөгө келтирген коркунучун баяндаган санариптик экран орун алган фура жүргүзүлдү.

Шаарда 3 күн бою кыдырып жүргөн фурадагы санариптик экранда «Радикалдык, антисемиттик экстремисттик топтун башчысы Гүлен Пенсильванияда жашайт. Гүленди токтотуңуз», деген сөздөр орун алгандыгы көрүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости