www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“КППлардын ачылганы биз үчүн да, алар үчүн да пайдалуу болот”, - деди, бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

-Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга барган иш сапарынан кийин эл арасында “Сох анклавына коридор ачууга макул болду. 20 тез жардамга алданып калды. Коридор ачылса, Баткен областы анклав болуп калат" деп кооптонгондор да пайда болду. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз? 

-Эгер чындап коридор берилсе, Баткен, Лейлек райондору анклав болот. Андай аракет Акаев менен Бакиев тараптан болгон. Бирок, парламент каршы туруп, 2003-жылы ишке ашпай калган. 

-Бирок, коридор берет экен деген маалыматты четке кагып, бийлик КПП гана ачылаарын айтты. КПП ачылса мамлекет үчүн пайдалуу болобу же зыяны тийеби?

-Негизи КППлардын баарын ачса туура эле болот. Биз үчүн да, алар үчүн да КППлардын ачылганы пайдалуу болот. Эгер коридор ачылса, Өзбекстан менен Сох анклавын бириктирген жол тагыраагы, кыргыздын азыркы жери алардын жери болуп калат. Бирок, бийликтегилер коридор эмес, КПП гана ачылаарын айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости