www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районунда 22 жаштагы келинди өлтүрдү делген шектүү Оштон кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кочкордун Тынай-Булак участкасынан 23-январь күнү сарайдан каза болгон келиндин жансыз денеси табылган.

--"Маркумдун бети, башынын маңдайкы жана денесинин көкүрөгүндө, буттарында күч колдонулган көк ала тактар бар экени белгилүү болгон. Жансыз дененин аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К. экендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция шектүүнү Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан, Бишкек шаарынан издешкен. Издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Ноокат районунан кылмышка шектүү кармалган. Ал Баткен облусунун тургуну 1995-жылы туулган М.И. аттуу жаран болгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости