www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли ырчыларга бай. Эптегени эптебегини деле эчкидей сахнада секирип, ырдап чыгып кете берет. Айрымдары өз ордун билип коомчулукта кадыр-баркы жогору болсо айрымдары нота эмне экенин деле түшүнүшпөйт.

Коронавирус илдетинен кийин көп ырчылар октябрда митингде саясатчылар жүзүн көрсөтүп алгандай эле маскаларын сыйрып салышты. Алардын арасында эл аралык кадыр-баркы бар ырчылар дагы жок эмес. Ырлары бир нече тилге которулса деле, өзүн баалап барктабай эле кичипейилдик жагынан алдыңкы катарда келе жаткан Ильяз Абдразаковду эске алсак болот.

А баса, Ильяздын бир тууган иниси, Нияз Абдразаков дагы бар. Ал Казакстанда белгилүү ырчы Кайрат Нуртас менен кызматташып келет. Так ушул көркөмдүү, ыймандуу ырчы жигитибиз Нияз учурда Түркияда жүргөндүгүн ишенимдүү булактар билдирди.

Такталбаган маалыматтарга таянсак, Нияз ал жактан жашыруун үйлөнүп алгандыгы айтылса, айрымдар анын «сүйүктүүсү» Түркияда жашаган милиардердин кызы деп айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости