www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түзүлгөн кырдаал тайманбаган, курч сөзүн айткан, айбаттуу аялдарды жаратарын мезгилдин “учкундарынан” көрдүк. Маселен, экинчи бийлик алмашуудан кийин партияга киришкен кубаттуу айымдардын көбү парламенттен орун алып, көздөгөн чектерине жетүүүчүн кыйла мээнеттеништи. Ошондо Жылдыз Жолдошова, Бөдөш Мамырова, Надира Нарматова сыяктуу жалын жүрөк эл өкүлдөрү трибунага чыккан сайын маңыздуу кептерин айтып, бийлик башындагыларды улам чыйрыктырып турган. Мындан сырткары 2010-жылы Койсун Курманалиева Таласты бийлеп, Карамат Орозова Баткенди башкарып аялдардын зоболосун көтөрүүгө умтулушкан. Ал тургай Камила Талиева аз жерден Феликс Куловдун ордуна “Ар Намыска” лидерликке көрсөтүлүп кала жаздаган. Дагы жакшы абийирин жабуу үчүн болгон аракетинен улам Талиевага аткаруу бийлигинен орун таап Кулов башын аман сактап калган болчу. Эгерде ошондо Акылбек Жапаровдун “сүйрүпризи” оңунан чыкканда “желим” генерал биротоло оңкосунан түшмөк. Тилекке каршы Камила айым барган жеринен оңдуу “көктөй албай” жадегенде маданият министрлигинен жөн-жай кете албады. Анткени чоң акырдын талабына ылайык келбегенинен четке сүрүлүп чыга берди.
Башка айымдар деле журтчулуктун көз алдында болушту. Маселен, Дамира Ниязалиева оор учурда саламаттыкты сактоонун күжүрмөнү катарында таанылып, кийин партиянын амири менен парламентке келди. Эл өкүлү катары деле жаман иштеген жок. Ошондуктан анын жөндөмдүүлүгүнө, уюштуруучулугуна таянып баш бакандын орун басарлыгына алып барышты. Анча-мынча эркектерден маселени өйдө чечкендиги ошондо айкын көрүндү. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, коалиция урап кайрадан жаңы өкмөттүн тизмегинде Ниязалиеванын болбогондугу көпчүлүктү бушайманга салды. Көрсө кээде бир болбогон шылтоонун кесепети жакшыларга кедергисин тийгизип коет экен. Мына ошол мезгилден бери улам башка командалар бийликке келип Дамирадай айымдарга түз көз карашта болбой калганы өкүндүрөт. Келбети сүрдүү, үнүөктөм Айгүл Рыскулованын да арыштары байсалдуу болду. Чоң кызматтардын тизгинин толгоп кыйла дыңдарды бузууга үлүшүн кошту. Кайсыл багытка барбасын оң көз карашты жаратып, бийликтин ажаатын ачууга жарады. Акыркы убакта Бишкек шаарынын мэринин арка-бели болуп жүрүп, азыр бош калган кези. Чолпон Султанбекова деле журтчулукта жылуу пикирге татыктуу болду. Антсе да анын кызматын кийинкилер көз жаздымда калтырышты.
Эмнеси болсо да аялдар коомдо зор күч экендигинде шек жок. Бүгүнкү күндө Алтынай Өмүрбекова өкмөт башчынын орун басары катары кызматын өтөөдө. Кыймыл аракетинде анчалык кемчилик деле байкалбайт. Өзүнүн дараметине жараша милдетин аткарып жаткандай. Агартуу тармагын башкарган Гүлмира Кудайбердиевага болсо өзгөлөргө караганда сын көп айтылууда.Ага карабастан ээрден жылмышпай, колдон келишинче аракетин ийге келтирип, жаман кептен алыс болууга умтулууда. Чынында бул тармактын жыргалынан кууралы арбын экендиги талашсыз. Анын ордуна ким келсе деле “ур токмоктон” арылбасы белгилүү. Ал үчүн бүтүндөй системаны ооштуруш кажет. Айрым учурда бир уйдун мүйүзү сынганда башкаларына доо кетерине деле күбө болгонбуз. Өткөн жылдын этегинде бир министрликтен төрт айымдын кызматтан шыпырылганына күбө болгон жайыбыз бар. Анын чоо-жайын чукулоонун азыр кажети деле жок.
Ошентсе да заманга жарашабы, айтор күчтүү айым кызматкерлердин добушу теребелде анчалык угулбай турат. Албетте, парламенттеги бирин-экин депутаттарды кошпогондо. Айрыкча Элвира Сурабалдиеванын акыркы күндөрдөгү алып чыккан маселелери курч бойдон турганы жөн жерден эмес. Анткени ал айтылгандардын артында кубаттуу “персоналардын” кулактары тикчийүүдө. Ошол үчүн каршы агымдар пайда болуп эл өкүлүнө кол башындай чабуулдар да көтөрүлүп калууда. Спикерге орун басар болуп келген Аида Касымалиеванын деле чийки жактары бар экени байкалууда. Себеби, парламенттин өзүнүн жол-жоболору болот турбайбы. Аны жакшылап өздөштүрмөйүнчө буйткалардан кыйгап өтүп кетүү кыйынчылык жаратаары турган иш. Кыскасын айтканда жарк этип чыгып, элдин бүйүрүн кызыткан чыныгы айымдар ушул тапта көзгө учурай элек. Балким, андайлардын дарегин так билгендер өз ойлорун, сунуштарын ортого салар деп сөзүбүзгө чекит коелу.
Булак: "Ачык сөз"