www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек араңа саксыңбы, КЫРГЫЗЫМ?..

13 -март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту. Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат. Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абал туруктуу экении, эки тараптан чогулган жүздөй кишини таркатыш үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. Негизи, жыл сайын жазга маал түштүктө чек ара маселеси курчуйт. Мунун себептери эмне жана чечилбеген кайсы көйгөйлөр бар? Ушул суроолордун тегерегинде айрым серепчилерди кепке тарттык.

- Ворух анклавындагы жазга маал чыкчу чек ара маселеси, биринчиден, жайыт маселесинен улам жаралат. Жайытты пайдаланууда эки кошуна элдин пестиги бар. Экинчиси, сууну пайдалануу дагы ортодогу кызыкчылыктардын тиреши. Бул эки маселеден эки эл бири-бирине ишенбестиктен, бири-бирин аңдып, жакпаган жагдайлар жаралып калса, ал чогулуп ушундай жолдор менен чечүүгө аракет кынат. Бул өзү көп жылдардан бери кайгаланып келген көрүнүш. Ушундай кырдаал жаралган сайын жергиликтүү чек арачылар аралашып, чыңалууну токтотуп келе жатышат. Негизи, маселеге чекит коюуга убакыт келди. Муну жогорку бийлик адамдары чечиш керек.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости