www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адилеттүүлүктү айтып кээ бир сабатсыз КР Өкмөт мүчөлөрүн критикаласаң эле душман болуп чыга калат экенсиң! Өткөндө КР Өкмөтүнүн кээ-бир мүчөлөрүн критикалап койсом бүтүндөй Өкмөттүн аппараты баш болуп, калган Өкмөт мүчөлөрүнүн орун басарлары төш болуп мени жаман көрүштү! Айланайын туугандар критиканы туура кабыл алып, мага окшогон Кыргыздын уул-кыздарын душман кылбай, кетирген кемчилигиңерди оңдосонор жакшы болот эле, башка өлкөлөргө шерменде болбой!
Кечээ күнкү Кыргыз-Тажик жаңжалы бул дагы да болсо сабатсыз кадрдык саясаттык дайындоонун кесепети деп эсептеймин! Мурунку кантробандист, коррупционер жана “подхалим”(жердешим, партиялашым, шайлоодо добуш алып берген) деген чечим менен мамлекеттик кызматка дайындалган адамдар жыйынтыгында ушундай проблеманы өз убагында чечише албай жаңжалга алып келип Президентибиз Сооронбай Жээнбековду эл алдында уят кылууда!
Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович! Ушул чек-ара маселесин алдын албаган чиновниктерди жазасын берип, өз ээлеген кызматынан кетирип профессионал Кызматкерлерди өзүңүзгө Кеңешчи жана Өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары кылып чакырсаңыз! Профессионал кыргыздын патриот уул-кыздары жеке компанияларда жээ башка өлкөлөрдө оокатын таап иштеп жүрүшөт, андан көрө элибизге, мамлекетибизге кызмат өтөсө көптөгөн пайда алып келишмек!
Сизди терең урматтоо менен Айбек Артыкбаев
Булак: NazarNews.kg