www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган гейпарад боюнча баарлаштык.

-Турсунбек мырза, гейпарад коомдун кызуу талкуусуна айланып, анын катышуучулары коомчулуктун сынына кабылышты. Бирок, Рита Карсартова, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсаловдор  атайылап гей парадга барбаганын айтып жатышат го?

-Алардын да айтканы туура. 8-мартта жылдагыдай эле аялдардын укугун коргогон жүрүшкө чыгабыз деген максатта чыгышса керек. Мекенибизде зордук-зомбулукка кабылып жаткан аялдар бар экени  чындык. Бирок, ошондой иш-чарага  гейлердин кошулуп алганы чыны менен туура эмес болуп калган. Андай  оорулуу адамдар бар. Бирок, аларды пропагандалаштын кажети жок болчу. Аларды публикага алып чыккандын өзү каада салтыбызга, улуттук дөөлөттөргө шек келтирет. Бизде аял менен аял, эркек менен эркек үйлөнөт деген жат нерсе. Улутка жат нерсени көтөрүп ураан чакыргандын өзү ойлончу маселе. Бирок, гей парадды коштоп чыгып алгандай болуп калган Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсаловдор мобул плакатыңарды алып койгула, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүнө сөз тийет деп  алдырып коюшса болмок. Же аларды колдогонсуп сүйлөбөй кетип калышы керек эле. Эми алардын түштөн кийин актанганы алардын парадга катышканын жокко чыгара албайт да.

-Рита Карасартова 500дөн ашык киши катышса да, үчөөбүзгө гана басым коюлуп жатат деди го? Атайын кызмат америкачыл көз караштагы саясатчыларды сындырыш үчүн, элге жек көрсөтүш үчүн  үчөө эле катышкандай сүртүм калтырган жокпу?

-Эми көп укук коргоочу катышса катышкандыр. Бирок, алардын ичинен элге таанымалы, көпчүлүктүн оозуна алынып калганы үчөө болгон соң сөз ушуларга бурулду да. Ошондуктан, буларды сындыруу, жок кылуу, элге жек көрсөтүү үчүн атайын кызмат ушул нерсени уюштурду дегенден алысмын. Бирок, өкмөттүк эмес уюмдардын айрымдары ЛГТПлардын укугун коргоп, чет мамлекеттен акча алгандары бар. Мына ошолор уюштуруп жатышат. Эдил, Рита Равшан ал жүрүшкө акча үчүн чыкпаса да байкабай чыгып алышты. Чыгып алгандан кийин мобул плакатыңар улуттук дөөлөткө туура келбейт. Алып койгула деп алдырып коюшса  болмок. Анткени, алар канча актанса да, алардын сүйлөгөнү кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн жокко чыгарууга аракет кылгандарга жардам берип, рекламалаган сыяктуу болуп калды.

-Гейлерди жана аталган парадга чыккандарды опузалап коркутууга аракет кылган 40 чоронун иши туурабы?

-Аларды тыябыз деген 40 чоронун аракетин да туура кабыл алышыбыз керек. Алар да күйүп-бышып патриоттук сезим менен сүйлөп жатышат. 40 чоронун алдарды маскаралап коркутуп үркүтүп сүйлөгөнү туура эмес. Бирок, ошол эле учурда Рита Карасартованын да “кысымга алып, кууп жатат” деп актанганы, “мени кыргызстандан кет”-деди. “Мен кетип калсам адам укугу эмне болот” дегени да орунсуз болуп калды. Рита Карасартова кетип калса, Кыргызстанда адам укугу токтоп калмак беле. Болгону ал бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кийинки карьерасына жол чаап жатат.

-Баса, Президент сот тармагындагы жагымсыз жат нерселерди жоюу үчүн соттордун курултайына катыштыбы же сотторду колго алуу үчүн ошол курултайга өзү демилгечи болдубу?

-Президент сотторго элдин ишеними жоголгонун эске алган үчүн   соттордун курултайын өзү демилгечи болуп уюштурду окшойт. Анткени, Сооронбай Шарипович президент болгону туура эмес чечим чыгарган соттор кызматтан кетип, кылмыш иши козголгон жагдайлар орун алган. Соттор чыгарган чечими үчүн жооп бербей монстрга айланып алышкан. Аларды буга чейин эч ким көзөмөлдөгөн эмес. Эми соттордун тармагында дагы  өзгөрүү болот. Президенттин ал тармактагы алешемдиктерге өзгөчө маани бергенинен улам, мындан ары соттор чечим чыгарардан мурун катуу ойлонуп, мыйзамдын гана алкагында иш кылып калышат деген ниеттемин.

Чынайым Кутманалиева, Ачык саясат

 

Последние новости