www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрдагы башаламандыктарда бүткүл кыргыз эли үчүн өтө оор күндөр жаралды. Ар бир кыргыз келечеги үчүн өзүнүн салымын кошуп, атуулдук милдеттерин көрсөтө алышты.
5-6-октябрдагы окуялардан кийин бийлик алмашып, жаңы күчтөр келе баштады.
Бул окуялардан кийин да парламент ишин токтотпой жыйынга чогулуп жатты.
Бирок, депуттаттардын көпчүлүк бөлүгү ошол учурларда өзүнүн позициясын карманбай ар кандай сырткы күчтөрдүн басымы астында калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.
«Мен бул нерсени ачык эле байкап жаттым. Жыйынга бир топ эле эл өкүлдөрү келип катышып, добуш берип жатты. Бирок, бир да жасаган иши өз каалоосу менен эмес. Аларга карата коркутуулар күч алды. Депутаттарды күч колдонуп отурумга катыштырып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн добуш бердиргендер болду. Баарыбызды коркутуп-үркүтүп жатты. Кандай болгон учурда да, биз элди, келечекти гана ойлошубуз керек болчу ошол учурда.
Мага жана менин үй-бүлөмө карата да коркутуулар болду. Мен буга чейин да айткандай мени Урмат Самаев коркуткан. Ал тараптан физикалык күч колдонулбаса да анын коркутуп жатканы жасаган иштеринен көрүнүп турду. Айлам кетип, жашаган жеримди, телефон номурларга чейин алмаштырууга туура келди», - деди ал.
шондой эле ал мындай коркутууларга карабастан өз позициясында аягына чейин турганын кошумчалады.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg